29-июнда өлкө аймагында мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет. Ал эми өлкө боюнча күтүлгөн абанын температурасы төмөндөгүдөй:
Чүй облусунда күндүз +22...+27°C, түнкүсүн +11...+16°C
Талас облусунда күндүз +21...+26°C, түнкүсүн +11...+16°C
Ош жана Жалал-Абад облустарында күндүз +23...+28°C, түнкүсүн +13...+18°C
Баткен облусунда күндүз +23...+28°C, түнкүсүн +12...+17°C
Ысык-Көл облусунда күндүз +15...+20°C, түнкүсүн +6...+11°C
Нарын облусунда күндүз +16...+21°C, түнкүсүн +5...+10°C
Бишкек шаарында күндүз +25...+27°C, түнкүсүн +12...+14°C
Борбор калаада мезгил-мезгили менен жамгыр жаашы күтүлөт.