30-июнда саат 9:00дөн 17:00гө чейин Бишкек шаарынын Бөкөнбаев, Исанов, Москва көчөлөрүндө, Манас проспектинде электр жарыгы өчүрүлөт. Бул тууралуу “Түндүк электр” ишканасынын басма сөз кызматы маалымдады. Электр энергиясынын убактылуу чектелүүсү электр тармактарындагы тиешелүү жабдууларды оңдоп-түзөөгө байланыштуу болмокчу.