Билим берүүнү өнүктүрүү жөнүндө долбоордун экинчи фазасын каржылоо боюнча макулдашуу-каты ратификацияланды

Бүгүн, 28-июнда президент Алмазбек Атамбаев  “Билим берүүнү өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүүнүн орусиялык программасынын” READ долбоорунун экинчи фазасын каржылоо боюнча макулдашуу-катын ратификациялоо жөнүндө” мыйзамга кол койду. Мыйзамга Бишкек шаарында 2013-жылдын 6-мартында кол коюлган. Кыргыз  Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (Дүйнөлүк банк) ортосунда түзүлгөн. Ал ушул жылдын 13-июнунда Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган. Мыйзамга ылайык, Кыргыз Республикасынын Каржы министрлиги жогоруда көрсөтүлгөн макулдашуу-каттын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон ички мамлекеттик жол-жоболорду кыргыз тарап аткаргандыгы жөнүндө Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясына (Дүйнөлүк банк)  белгиленген тартипте маалымдоого милдеттендирилди. Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан