Бүгүн, 28-июнда президент Алмазбек Атамбаев ЕККУнун ЖМК эркиндиги боюнча өкүлү Дунья Миятовичти кабыл алды. Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстанда сөз эркиндигин камсыз кылуунун актуалдуу маселелери, ошондой эле ЕККУ менен ушул багыттагы мындан аркы кызматташуу маселелери талкууланды. Сөз эркиндиги жөнүндө айтып жатып, өлкө башчы “мен Кыргызстандын келечегин эркин басма сөз менен гана элестете алам” деди. Өз кезегинде Дунья Миятович ЕККУ басма сөз эркиндиги маселелер боюнча көмөк көрсөткөнгө даяр экендигин белгиледи. Ал Бишкекке ЖМК эркиндиги боюнча Борбор Азиялык XV конференцияга катышуу үчүн келген.