Ырчы Каныкей Москвада өтүүчү БУУнун ВИЧ/СПИД боюнча Бириккен программасынын иш-чарасына катышат
"Супер-Инфонун" тандоосу боюнча акыркы 2 жылдын "Мыкты ырчы айымы" Каныкей үстүбүздөгү жылдын 29-ноябрында Москва шаарында БУУнун ВИЧ/СПИД
боюнча Бириккен программасы (ЮНЭЙДС) уюштуруп жаткан иш-чарага катышууга чакыруу алды. Иш-чаранын алкагында Каныкей Орусиянын жылдыздары менен бир сахнада ырдаарын айтты. Айта кетсек, Каныкей ЮНЭЙДСтин эркин элчиси болуп саналат. Буга чейин аталган программанын атайын долбоорунун алкагында жайында Киевде өткөн "ЕВРО-2012" футбол мелдешинде да эл алдына чыгып өз өнөрүн тартуулаган.