Акыйкатчы Турсунбек Акундун абалы жакшы болуп калды. Бүгүн ал жалпы палатага которулат. Мындай маалыматты акыйкатчынын жубайы Гүлмира Жапарова бүгүн, 29-июнда билдирди. “Көзүн ачып калды. Тамак иче элек, суу гана ичип жатат”,- деди Г.Жапарова. Айтымында, акыйкатчы дагы эле тамчылатма дары алууда. Белгилей кетсек, акыйкатчы 27-июнда парламентте аны кызматтан мөөнөтүнөн мурда бошотуу маселеси каралып жаткан учурда эсин жоготуп жыгылып, ооруканага жеткирилген болчу. Атайын түзүлгөн депутаттык комиссия "мыйзамдагы ууру" Азиз Батукаевдин камактан мөөнөтүнөн мурда бошотулушуна Акундун катыштыгы бар деп тапты. Ошондой эле аны Жогорку Кеңеш кызматтан бошотуу тууралуу токтом кабыл алды. Добуш берүүдө 57 депутат макул, 20 депутат каршы болушту.