БШК депутат Урмат Аманбаеванын депутаттык мандатынан ажыратуу тууралуу арызды канааттандырган жок

Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин депутаты Урмат Аманбаеваны мөөнөтүнөн мурда депутаттык мандатынан ажыратуу боюнча арызды канааттандыруудан баш тартты. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди. "Каралган материалдар Урмат Аманбаеванын депутат болуп катталып жатканда жана азыркы учурда ишкердик менен алектенип жатканын тастыктай алган жок. Буга байланыштуу арызды канааттандыруудан баш тартылды", -деп жазылат БШКнын маалыматында. Айта кетсек, ушул жылдын 11-мартында БШКга Тилек Жаныкеевдин атынан аталган депутатты мөөнөтүнөн мурда депутаттык мандатынан ажыратуу боюнча арыз түшкөн. Ал депутат Аманбаева мандатын жеке максатка пайдаланып бизнес иштерин жүргүзүп жатканын айткан. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан