ЖЫЛНААМА, 11-АВГУСТ: "Күндүзү туулган күнүмдү жакындарым менен белгилесем, кечинде элдин жакшылыгында кызмат кылам" дейт 32 жашка чыккан Мирбек Атабеков

Бүгүн Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Мирбек Атабеков 32 жашка толду. Ырчыны туулган күнү менен куттуктап байланышка чыкканыбызда, SUPER.KG порталына ыраазычылыгын билдирип, буларга токтолду.

"Бүгүнкү маанайым абдан жакшы. Кечээ бир дос балам мончого чакырганынан барсам, келинчегим ошол жакка досторумдун баарын чакырып, чакан кече уюштуруп коюптур. Туулган күндү кечээ эле ошол жактан өткөрдүк. Ал эми бүгүн кечке чейин үй-бүлөм менен Бишкектеги бассейндердин биринде эс алалы деп даярданып жатабыз. Кечинде болсо адаттагыдай эле элдин жакшылыгында тойдо кызмат кылам", - деди ал.

Атадан уулга өткөн талант

Ырчынын бала чагы.

Мирбек Атабеков 1986-жылы Талас районундагы Жон-Арык айылында жарык дүйнөгө келген. 6-класска чейин аталган айылдагы мектепте билим алып, андан кийин Бишкекке көчүп келип, №50-мектеп-гимназиясында окуп калган. 9-классты аяктаганда кафе жана ресторандарда ырдай баштаган. Мектепти бүтүргөн соң Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университеттин экономика факультетине тапшырган. Кийинчерээк "Поющий город" долбооруна катышып, финалчы болгон. 2004-жылы өзү "Тандем" аттуу топ негиздеп, өлкөнүн хит-параддарында "Жүзүң" аттуу ыры менен алдыңкы орундарга чыга баштаган.

Апасы Дарика Абдрахманова "Супер-Инфого" берген маегинде уулуна ырчылык талант атасынан өткөнүн айткан. Анын айтымында, ырчынын атасы ырдагандан сырткары комуз, пианинодо ойноп, ыр жазган.

Сүйүктүүсү менен 3 жыл сүйлөшүп жүрүп баш кошкон

Ырчы жубайы Мээрим менен чогуу түтүн булатып келатканына быйыл 4 жыл болот. 2014-жылдын 23-сентябрында түгөйлөрдүн үйлөнүү тою өткөн. 2015-жылдын 21-ноябрь күнү уулдуу болушуп, ага Адам деген ысымды ыйгарышкан. Ал эми ушул жылдын апрель айында жубайлар кыздуу болушуп, ага Ыйман деген ысым коюшкан. Мирбек Атабеков үй-бүлөсү менен чет өлкөлөргө саякат жасоону жакшы көрөт. Буга анын социалдык тармактагы чет жерлерде үй-бүлөсү менен түшкөн сүрөттөрү далил.

30 жашында "Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти" наамына ээ болгон

2016-жылы 11-октябрда Кыргыз өлкөсүнүн эгемендүүлүгүнүн 25 жылдыгына карата маданияттын өнүгүшүнө салымын кошкон белгилүү инсандарга мамлекеттик сыйлыктар берилип, Мирбек Атабеков "Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти" наамына ээ болгон.

Бул окуяга карата эл тарабынан айтылган сындарга ырчы: "Ал наам мага өз убагында ыйгарылды. Кээ бирөөлөр сатып алды, тааныш аркылуу алды дешти. Бир чети сүйүндүм. Рахмат, мени бай, байланышы күчтүү, таасирдүү адам катары көрүшкөндөрүнө. Бирок мен карапайым эле үй-бүлөдөн чыккан, жөнөкөй жигитмин. "Жеңилген күрөшкө тойбойт" дегендей, утулгандар чыгармачылыкты, чыгармачылыктын түйшүгүн түшүнбөгөндөр сындай беришет", - деп жооп берген.

Продюсери менен узак убакытка иштешип, рекорд койгон

Ырчы 2006-жылдан тарта продюсери Канат Култаев менен иштешип келет. Экөөнүн ортосундагы кызматташтык тууралуу Канат Култаевдин: "Кыргыз шоу-бизнесинде ырчы менен продюсердин 9 жыл келишим менен иштеши бул рекорд. Биз биринчи орунга келишимдеги расмий шарттарды эмес, бир туугандык, достук мамилени коюп иштешебиз", - деп айтканы бар.

Ырчынын "Супер-Инфо" гезитине берген маегинен үзүндүлөр:

  • "Клиптердин арзанын да, кымбатын да тартып көрдүк. Кээде экөөнүн айырмасы деле жок болуп калат экен. Мисалы, Москвадан тарткан «Унута албайм» клибиме 5-6 миң доллар короду. Ал эми кийинки "Мөлмөлүм" андан 2 эсе арзан түшсө да көп каралды, элге жакшы алынды. Кээде оригиналдуу болсун деп жазган ырларың элге жакпай калышы мүмкүн. Негизи көпчүлүктүн көңүлүн табыш оңой эмес".
  • "Идеалдуу үй-бүлө болуш үчүн ар бирибиз өз кызматыбызды мыкты аткарышыбыз керек. Эгер аял киши эркектин ишин аткарып баштаса туура эмес болуп калат. Же эркек киши ушакка берилип, аялдын ишине киришип баштаса, ал да жаман көрүнүш. Адамда ички туюм болот, мен ошого ишенем. Мээримди биринчи жолу көргөндө эле «балким, ушул кыз кийин менин жубайым болуп калар» деген ой келген. Келинчегим кичинекей кезинен эле музыка чөйрөсүнө кызыгып, интервьюларды алып калчу, көп көрүшүп, жакшы сүйлөшүп жүрчүбүз. Бир жолу туулган күнүн өткөрүп жатканын угуп, гүл берип куттуктап кеткем. Ал 18 жаштан өткөндөн кийин "ушул менин жубайым болот" деп толук көзүм жетти".
  • "Кээ бир ырчыларга чын эле Кудай талант берген, бирок талантын туура колдоно албайт. Айрымдардын таланты аз, бирок аракети, эмгеги чоң. Элге кандай ырлар өтөт, сезе алат. Ыр тандоонун өзү саясат. Ырды каякта ырдайм, эл кандай кабыл алат деп ойлонушуң керек. Бир жылда ашып кетсе 2 жай ыргактагы ыр чыгаруу жетиштүү. Калганы элдин маанайын көтөрүү үчүн шаңдуу болгону жакшы".
  • "Ал наам мага өз убагында ыйгарылды. Кээ бирлер сатып алды, тааныш аркылуу алды дешти. Бир чети сүйүндүм. Рахмат, мени бай, байланышы күчтүү, таасирдүү адам катары көрүшкөндөрүнө. Бирок мен карапайым эле үй-бүлөдөн чыккан, жөнөкөй жигитмин. "Жеңилген күрөшкө тойбойт" дегендей, утулгандар, чыгармачылыкты, чыгармачылыктын түйшүгүн түшүнбөгөндөр сындай беришет".

11-августтун жылнаамасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
demo009
2018-08-12 12:56:03
Молодец брат,туулган күнүң менен чын жүрөктөн куттуктайм, өмүрүң уузуууууууун болсун,
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан