Бишкектеги ЖОЖдордун биринин жанына жаңы аймактык милиция бөлүмчөсү курулат

28-июнда Бишкектеги кыргыз-түрк "Манас" университетинин жанына аймактык милиция бөлүмчөсүн куруу тууралуу келишимге кол коюлду. Кол коюу Бишкек ШИИББинин жетекчиси Мелис Турганбаев менен аталган окуу жайдын ректору Себахаттин Балжинин ортосунда болду. Бишкек ШИИББи билдиргендей, аталган милиция бөлүмчөсү университеттин каражатына курулат. Мелис Турганбаев өз сөзүндө учурда Бишкекте 40 аймактык милиция бөлүмчөсү иштеп жатканын, дагы 12 бөлүмчө куруу планы турганын айтты. ШИИББи маалымдагандай, "Аймактык милиция бөлүмчөсү" долбоорунун ишке ашуусу менен борбор шаарда кылмыштуулук 30 пайызга азайды.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан