Кечээ, 28-июнда ЖКнын Коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагасы Алмазбек Баатырбеков Орусия Федерациясынын Кыргызстандагы элчилигинин аскер жана аскер-аба атташеси, полковник С.Еленский менен жолугушту. Жолугушууга Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина жана Орусия элчилигинин коргоо маселелери боюнча атташеси Вячеслав Хлестов катышты. Комитет төрагасы А.Баатырбеков меймандарды кыргыз парламентинде кабылдап жатып, Кыргызстан менен Орусия тарыхый тыгыз байланышта болуп келгендигин баса белгиледи. Ошондой эле эки өлкөнүн ортосундагы ар тараптуу кызматташуу достуктун, биримдиктин жана стратегиялык өнөктөштүктүн принцибинде эки тараптын тең кызыкчылыктары эске алынып өнүгүп жаткандыгын билдирди. Ал Орусия жетекчилигинин Кыргызстанга аскерий-техникалык жактан көмөк көрсөтүү боюнча чечимине ыраазычылыгын айтты. Өз кезегинде С.Еленский да сөз сүйлөп, кыргыз-орус мамилелеринин динамикалуу түрдө өнүгүп жаткандыгына токтолуп, анын далили катары ШКУ багыты менен коргоо жаатындагы бир катар иш-чараларды атады. Жолугушууда тараптар эки өлкөнүн ортосундагы парламенттик байланыштарды өркүндөтүү, коргоо жана коопсуздук жаатындагы маселелер боюнча пикир алышты.