Элчи Кылычбек Султан: "Элибиздин тентип кетиши, мамлекетибиздин карызга белчесинен батышы - бул чоң трагедия"

Экс-президент Роза Отунбаеванын миграция тууралуу сөзү талашка түштү. SUPER.KG порталынын "Миграция өлкөнүн трагедиясыбы же мүмкүнчүлүгүбү?" деген соболуна Кыргыз Республикасынын Түштүк Кореядагы элчиси Кылычбек Султан жооп берди.

Ал эмгек мигранты болуу – бул жан багуунун катаал жана ырайымсыз аргасы, жашоо үчүн күрөш деген пикирде.

"Өз элиңде, өз жериңде кенен басып жүргөнгө эмне жетсин? Эмгек мигранты болуу – бул жан багуунун катаал жана ырайымсыз аргасы, жашоо үчүн күрөш. Тилекке каршы, мамлекетибиз элди бага албай, жарандарыбыз мекенин таштап тентип кетүүгө аргасыз болууда. Ошол мекендештерибиздин 90 пайыздан ашыгы Кыргыз мамлекетинин тагдырын чечүүчү шайлоолорго да катыша алышпайт же катышкылары келбейт. Чет жерге кеткен жарандарыбыздын балдары гана эмес, керек болсо неберелери да чет жерде төрөлүп-өсүп жатат. Эне тилин унутуп, менталитети өзгөрүп жатат. Ошондуктан мамлекетибиздин элчиликтери мигранттарыбызды бат-баттан чогултуп, ар кандай маданий иш-чараларды өткөрүп туруусу - улутубузду сактап калуу үчүн абдан маанилүү.

Элибиздин тентип кетиши, мамлекетибиздин карызга белчесинен батышы - бул, албетте, чоң трагедия. Ал эми экс-президент Роза Отунбаеванын айтканын мен трагедия деп алакан жайып отуруп калбастан, ушул кырдаалдан мүмкүнчүлүк табууга болгон чакырык катары кабыл алдым", - деди Кылычбек Султан.

Жогорку Кеңештин депутаттары Сагындык Келдибаев, Абдывахап Нурбаев, Мамлекеттик миграция кызматынын тышкы миграция бөлүмүнүн башчысы Улан Шамшиев, "Мекен ынтымагы" партиясынын лидери Темирбек Асанбеков, жарандык активисттер Зулпидин Нурматов, Нурсултан Алтыбаевдин пикири төмөнкү шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан