Экс-президент Роза Отунбаеванын миграция тууралуу сөзү талашка түштү. SUPER.KG порталынын "Миграция өлкөнүн трагедиясыбы же мүмкүнчүлүгүбү?" деген соболуна Түштүк Кореяда иштеп, окуп келген жарандык активист Нурсултан Алтыбаев жооп берди.
Ал мигранттар каражатын билимге сарпташы керек деген пикирде.
"Роза Отунбаеванын сөзүн жакшы пикир деп кабыл алдым. Жеке пикиримде, миграция, албетте, жакшы көрүнүш эмес. Анткени калктын ишке жарамдуу гана бөлүгү сыртка чыгып кетет. А өлкөдө улуулар, окуучулар, студенттер жана мамлекеттик кызматкерлер гана калат. Бул жагдай өз кезегинде ички туризм, ички экономика жана карым-катнашка чоң кедергисин тийгизет. Мигранттардын 80 пайыздан ашыгы социалдык муктаждыгын жоюу максатында чет өлкөгө иштегени чыгат. Алар өзүнүн тапкан кирешесин курсагына эле эмес, билимге, бизнеске сарптаган кезде гана миграция пайдалуу болду деп эсептейм. Тилекке каршы, мындай учурлар абдан сейрек кездешет. Мисалы, убагында түштүк кореялыктар дагы Германия, АКШ, Япония жана Араб өлкөлөрүнө мигрант катары барып келишкен. Бирок алар өлкөнү көтөргөн жок да. Мамлекетти билим, инновация, систем, идеология өстүрдү. Аны ким жасады? Албетте, корей өкмөтү жана ар бир жаран. Ошондуктан менин пикиримде, өлкөнүн жаштары чет өлкөгө жумушсуздуктун айынан кетип жатканы мамлекет үчүн трагедия, уят. Өкмөт бул жагдайга каршы чечимдерди кабыл алып, аны токтотушу керек. А мигрант болсо өзүнүн чет өлкөдө иштегенин мүмкүнчүлүк катары баалап, убакытты, акчаны туура пайдаланышы зарыл деп ойлойм", - деди Алтыбаев.
Жогорку Кеңештин депутаттары Сагындык Келдибаев, Абдывахап Нурбаев, Кыргыздын Түштүк Кореядагы элчиси Кылычбек Султан, Мамлекеттик миграция кызматынын тышкы миграция бөлүмүнүн башчысы Улан Шамшиев, "Мекен ынтымагы" партиясынын лидери Темирбек Асанбеков, жарандык активист Зулпидин Нурматовдун пикири төмөнкү шилтемеде.