Биринчи вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев экономикалык кызматташтык жана өнүгүү уюмунун (ЭКӨУ) Варшава шаарында өткөн конференциясынын алкагында Ооганстандын экономика министри Абдуло Хади Аргандевал менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы 28-июнда билдирди. Жолугушууда кыргыз-ооган соода-экономикалык кызматташтык маселелери жана эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүнүн келечектүү багыттары боюнча талкуу болду. Жоомарт Оторбаев Кыргызстанда өндүрүлгөн электр кубаттуулугун Ооганстан аркылуу Түштүк Азияга экспорттоо, кайра экспорттоо жаатында эки тараптуу соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүүнүн зарылчылыгын белгиледи. “Биздин ишкерлер ортосундагы иштиктүү байланыштарды чыңдашыбыз керек, бул иште эки өлкөнүн соода-өнөр жай палаталары маанилүү ролду ойношу керек”,- деди ал. Жолугушууда тараптар жакынкы мезгилде 2 өлкө ортосунда соода миссиясын уюштуруу жөнүндө келишимге макулдашты. Мындан сырткары кыргызстандык компаниялардын Ооганстандын мамлекеттик сатып алуулар тармагынын алкагында инфраструктуралык унаа-энергетикалык долбоорлорго жигердүү катышуусуна байланыштуу маселелер талкууланды.