Аялдар үчүн эң кооптуу мамлекет - бул Индия. Аталган маалымат улуу британиялык социологдор түзгөн рейтингде жазылган.
Маалыматка караганда, аталган өлкө 7 жыл мурун 7-орунду ээлеп турган.
"Индияда аялдарга карата сексуалдык маанайдагы кол салуулар, кыйноолор көп катталат. Андан кийинки орундарда Ооганстан, Сирия, Сомали жана Сауд Арабиясы турат. 6-орунду болсо Пакистан мамлекети ээлеген. 10-орунда АКШ. АКШнын аталган рейтингден алдыңкы орунду ээлешине шоу-бизнестеги аялдарга карата ыдык көрсөтүүлөрдүн көп болуп жаткандыгы себеп болгон", - деп жазылат маалыматта.