Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедовдун ак баскан чачы 2006-жылдан бери биринчи жолу интернетке жарыяланды

Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедовдун ак баскан чачы интернетке жарыяланды. Ал 2006-жылдан бери чачын ток кара түскө боёп келген.

Түркмөн өлкө башчысынын имиджинин өзгөргөнүн чет элдик маалымат булактары да жазышууда. Алар муну Бердымухамедов эс алууда жүргөн учурда небереси менен түшкөн сүрөт, видеолорунан байкашкан.

Ошондой эле Түркмөн президентинин акыркы сүрөтүн "Нейтралдуу Түркмөнстан" гезити жарыялаган. Анын бул сүрөттөрү президенттик аппарат тарабынан да расмий ырасталган.

61 жаштагы Бердымухамедов 2006-жылдан бери президент катары иштеп келүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
Eli.91
2018-08-11 15:05:01
Ак Чач баарында эле бар,бул 60чыкса мен анын жарым жашында дагы эмес экем болгону 28 жаштамын,деерлик чачымын жарымын ак бастыго.
+8
Manas0911
2018-08-11 15:18:57
Eli.91,тукум кууйутда бул опору
0
Eli.91
2018-08-11 17:10:04
Manas0911,
Ошондой экен ак чач атамда да апамда да бар,менде кичинемде жок болчу,1 акчач чыккан эле жулуп койгон элем ошондон кийин кобоюп кетсе болобу,каза болгон инимдиндагы акчачы коп болчу.
0
Patoshik1
2018-08-11 15:54:38
Журналист тируубу? амон болсун .амон эсен журсо экен.олтуруп койуду болуш керек сурот чыгарды учун журналисти
0
Romantik.
2018-08-11 16:36:33
Patoshik1, кайсы тилде жазып койгонуң?
+7
bond02
2018-08-11 19:25:14
Romantik.,Бишкектин мэри окшойт.
+3
bond02
2018-08-11 17:44:18
Жаш корунот экен.
0
titanik32
2018-08-11 17:47:37
Биздин АШАнын деле чачы агарып кетти го,өзү айтмакчы кыргыз элине догурунуп жүрөт чачымы агартып жиберишти деп.
-2
surgeon777
2018-08-11 19:20:01
Боёлгон чачына караганда буурул баскан чачы жарашат экен,салабаттуу корсотот.
+6
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан