Кечээ, 28-июнда биринчи вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев экономикалык кызматташтык жана өнүгүү уюмунун (ЭКӨУ) Евразия аймагында атаандаштыкка жөндөмдүүлүктү арттыруу боюнча саясатты ишке ашыруу программасынын алкагында Варшавада өткөн министрлер конференциясына катышты. Аталган конференцияга Чыгыш жана Батыш Европадан, Түштүк Кавказдан жана Борбор Азиянын 20дан ашуун өлкөлөрүнүн өкүлдөрү катышты. Польшалык жана башка европалык ишкерлердин алдында чыгып сүйлөгөн сөзүндө Жоомарт Оторбаев Кыргызстан жана Польша ортосундагы эки тараптуу соода-экономикалык мамилелердин чоң мүмкүнчүлүктөрү бар экендигин белгилеп, Кыргызстан менен Польша инвестиция чөйрөсүндө жигердүү өнөктөштөрдөн болуп каларына ишенерин билдирди. Анын сөзүнөн кийин иш-чаранын катышуучуларына Кыргызстанда ишкерлик кылуунун артыкчылыктарын көрсөткөн инвестициялык видеоролик көргөзүлдү.