Алымбек Кулуев Ала-Бука районунун акиминин милдетин аткаруучу болуп дайындалды

Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда кошмо жыйындын депутаттары акимди шайлагыча Алымбек Кулуев акимдин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Маалыматка ылайык, Кулуев буга чейин Ош облустук администрациясында губернатордун жардамчысы, аппарат жетекчиси, орун басары кызматтарын аркалаган. Белгилей кетчү жагдай, буга чейин Ала-Бука районунда акимди шайлоо максатына жетпей, бир да талапкер тиешелүү добуш ала албай калган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан