Түрк лирасынын куну түшүп, рекорддук деңгээлде арзандады. Жыл башында 1 АКШ доллары 3,7 лирага барабар болгон болсо, учурда 6,3 лирага жетти. Ал эми 1 евро 4,5 лирадан 7 лирага көтөрүлдү.
Түркия президенти Режеп Тайып Эрдоган өлкө жарандарын доллар менен евродон баш тартууга үндөөдө.
"Биз экономикалык согушта жеңилбейбиз. Эгер силер долларды, еврону же алтынды жаздык астына басып жаткан болсоңор, анда тезинен банкка алып барып, лирага алмаштыргыла. Бул улуттук согуш", - деди Эрдоган.
Түрк лирасынын арзандашына АКШ менен болгон саясий мамиле себеп катары айтылууда. Жакында эле АКШнын президенти Дональд Трамп Түркиядан алынып келчү болот менен аллюминийге карата салыкты жогорулатуу чечимин кабыл алган.
Андан сырткары эки өлкө 2016-жылы Түркияда болгон аскердик төңкөрүлүш маселесинде да тартышып келет. Америкалык пастор Эндрю Брансон 2016-жылкы ыңкылапта дин аалымы Фетхуллах Гүлендин тыңчысы болгон деп айыпталып, түрк бийлиги тарабынан камакка алынган. Буга карата АКШнын Каржы министрлиги Түркиянын ички иштер министри Сулейман Сойлу менен юстиция министри Абдулхамит Гүлгө санкция жарыялаган. Ага ылайык, аталган эки жаранга тийиштүү АКШда жайгашкан мүлктөрдү сатууга, алмаштырууга тыюу салынып, америкалыктар алар менен мамиле кылуу укугунан ажыратылган.