Ысык-Көлдө 2 айыл өкмөттүн башчылары дайындалды

Кечээ, 28-июнда Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын жыйынында Ысык-Көл районундагы Ананьево жана Москва районундагы Предтеченка айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоонун натыйжалары жана добуш берүүнүн жыйынтыктары каралды. БШКнын басма сөз кызматы билдиргендей, шайлоо ушул жылдын 11-июнунда өткөрүлгөн. Жыйында аймактык шайлоо комиссияларынын протоколдорунун негизинде жергиликтүү кеңештин депутаттарынын көпчүлүк добушун алышкан талапкер Курманбек Эгимбаевди Ысык-Көл районундагы Ананьево айыл өкмөтүнүн башчысы, талапкер Мирлан Карагуловду Москва районундагы Предтеченка айыл өкмөтүнүн башчысы деп эсептөө жөнүндө токтом кабыл алынды. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан