Криштиану Роналду "Ювентус" үчүн алгачкы голун киргизип, 2-таймда башка оюнчуга алмаштырылды

Португалиялык футболчу Криштиану Роналду "Ювентус" футболдук клубу үчүн алгачкы голун киргизди.

Маалыматтарга таянсак, 12-августта Италиянын Вилар-Пирозе шаарында "Ювентустун" негизги жана жаштар курамасынын ортосунда салтка айланып калган жолдоштук беттеш орун алган. Роналду негизги курамда оюн талаасына чыгып, 8-мүнөттө эсеп санын ачканга жетишти.

Бул оюнда "Ювентустун" негизги курамы жаштар курамасын 5:0 эсебинде уткан. Ал эми Роналду 2-таймда башка оюнчуга алмаштырылган. Алдын ала маалыматтарга караганда, Криштиану Роналдунун алгачкы расмий оюну 18-августта Италиянын биринчилигинин алкагында "Кьево" клубу менен болмокчу.

Айта кетсек, Роналду ушул жылдын июль айында испаниялык "Реал Мадрид" клубунан италиялык "Ювентуска" өткөн. Бул трансфер 112 миллион еврого бааланган. Ошондой эле Роналду жылына 30 миллион евро маяна алып турмакчы.

Роналдунун "Ювентус" үчүн алгачкы голу
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Syimyk.isaev
2018-08-13 08:48:25
Голдорду жаадыра берсин.
+2
FCB14
2018-08-13 11:00:13
Админ Барселона Испания супер кубогун женди жазбайсынарбы
-3
Azat.97
2018-08-13 11:15:27
FCB14,Чык эшикке
-2
Rasul94
2018-08-13 13:17:19
Бирок коп шанстарды кетирип койду Рон.экинчи состав темболээ Ювентустун
-1
Kabyl-97
2018-08-13 16:50:43
Барселона
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан