ЖЫЛНААМА, 13-АВГУСТ: Пеле, Барак Обама жана Лионель Месси сологой экенин билчү белеңиз? Бүгүн Эл аралык сологойлор күнү

Бүгүн, 13-август - Эл аралык сологойлор күнү. Дүйнө калкынын 15 пайызын түзгөн сологой адамдардын урматына бул күн расмий кабыл алынбаса да көпчүлүк өлкөлөрдө белгиленип келет. Сологой адамдар күнүмдүк турмушта оң колго караганда сол колун көбүрөөк иштетишет. Сол кол да оң кол сыяктуу эле ыңгайлуу болот. Кол жазмага карап оң кол же сол кол менен жазылганын айырмалоого мүмкүн эмес.

Бүгүнкү күндө дүйнө жүзүндөгү 500 миллион адам сол колу менен эмгектенип, алар үчүн өнөр жай тармагындагы эмгек куралдарын ыңгайлаштыруу зарылчылыгы да жолго коюлган.

Белгилүү сологой инсандар:

Саясат

Сол колдуу саясий ишмерлер өздөрүнүн так позициясы жана принципиалдуулугу менен айырмаланышат. Мисалы, Гай Юлий Цезарь, Александр Македонский, Наполеон Бонапарт, Отто фон Бисмарк, Бенжамин Франклин, Уинстон Черчиль, Билл Клинтон сологой болгону айтылат. Ошондой эле Жорж Буш, Барак Обама жана башкалар да сологойлор.

Футбол

Лионель Месси ("Барселона") * 31 жашта.

Аргентиналык футболчу Лионель Месси "Барселона" клубунун капитаны жана чабуулчусу. Ал 5 жолку "Алтын топтун" ээси. "Барселона" клубунда ойноп 8 жолу Испания чемпиону аталган. Ошондой эле 4 ирет Чемпиондор Лигасын утуп алган. Ал эң мыкты голдорун сол буттап таамай узатканы менен белгилүү. "Алтын топ" сыйлыгы 5-ирет аргентиналык футболчу Лионель Мессиге тапшырылып жатканда Криштиану Роналду:

"Мен Лео Мессинин сол бутуна суктанып тим болом. Анын сол буту менин сол бутума салыштырмалуу бир топ мыкты", - деген.

Робин Ван Перси ("Фейеноорд") * 35 жашта

Нидерланды курамасынын чабуулчусу. Нидерланды курамасынын тарыхындагы мыкты бомбардир аталган футболчу Англиянын Премьер Лигасынын "Алтын бутса" сыйлыгынын 2 жолку ээси. Робин ван Перси бардык кырдаалда дарбазага топту таамай багыттаганы менен айырмаланат. Албетте, сол буту менен.

Арьен Роббен ("Бавария") * 34 жашта

Роббен командадагы эң ыкчам оюнчулардын бири. Майданда футболчуну жалгыз токтотуу мүмкүн эмес экенин бир катар адистер айтып келишет. Чабуулчуну да колдоочулары сологой экенин жакшы билишет.

Сол бутун чебер колдонгон футболчулардын катарын Пеле жана Диего Марадона толуктайт.

Илим

Дүйнөлүк илим жаатындагы ачылыштардын ээлери да сологойлор болушат: Леонардо да Винчи, Альберт Эйнштейн, Исаак Ньютон, Никола Тесла, Иван Павлов жана башкалар. Алардын ар бири өз доорунун чегинен чыга тарыхка аттарын жазып калтырышкан. Белгилүү окумуштуу Эйнштейн көпкө чейин өзүнүн сол колу колдонууга ыңгайлуу экенин билген эмес, билген учурдан тарта көпкө чейин аны башкалардан жашырууга аракет кылган.

Бизнес

Ишкердик менен алек болгондордун арасында да белгилүү инсандардын аттары кездешет: Дэвид Рокфеллер, Билл Гейтс жана Генри Форд.

Живопись

Рафаэль, Леонардо да Винчи жана Микеланжело – "живопись" деген сөздү укканда биринчи ойго келчү бул үч адамдын ысымын баары жакшы тааныйт. Бул үчтүккө Пабло Пикассону да кошсок болот. Таң каларлык кооз жана маңызы менен тартылган эмгектердин алгачкылары ушуларга таандык.

Кино

Таланттуу сологойлор жөнүндө сөз болгондо дүйнөлүк тасма тарыхынын берметтери болгон Чарли Чаплин, Мэрилин Монро, Том Круз, Роберт Де Ниро, Деми Мур сыяктуу актёрлорду атабасак жаңылыштык болот.

Адабият

Ганс Христиан Андерсендин жомоктору, Александр Пушкиндин поэмалары жана Лев Толстойдун көп томдуу романдары авторлордун сол колу менен жазылган.

Спорт

Спорт тармагы да сологойлордун ийгиликтери менен коштолуп келет. Мисалы, теннисчи Мария Шарапова, мушкер Султан Ибрагимов мыкты спортчу эсептелет.

Сологойлор ген аркылуу же мээнин жеңил жабыркоосунан келип чыгарын айрым изилдөөлөр далилдеген.

13-августтун жылнаамасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
borbuk
2018-08-14 07:22:44
mirko filipovich crocop да сологой
0
Rasul94
2018-08-14 08:49:11
Мен да левшамын.бирок балдарынарды сологой кылбаганга аракет кылгыла.кээ бир ишке кыйын экен
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан