1-июль күнү Бишкекте Куткаруучулар күнүнө карата салтанаттуу иш-чара өтөт. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди. Министрликтин маалыматына ылайык, иш-чара борбодогу “Түштүк дарбаза” сейил багында өтүп, ага вице-премьер-министр Токон Мамытов жана ЖКнын депутаттары катышат. Белгилей кетсек, майрамга карата Ош шаарынын борбордук аппаратында 27-июнь күнү майрамдын салтанаттуу ачылышы башталган. Учурда Ош жана Бишкек шаарларында ар кандай спорттук мелдештер уюштурулууда.