Италияда 600 миң евро өлчөмүндөгү медайымдын калтырган мурасы өзү иштеген ооруканага берилди

Италиянын Триест шаарында мурун медайым болуп иштеген Мария Болонья аттуу айым ооруканага 600 миң евро мураска калтырган. Анын мурасы ооруканага берилди.

Маалыматтарга караганда, Болонья 2017-жылы 95 жаш курагында көз жумган. Өзүнүн жалгыз баласынын жана күйөөсүнүн көзү өткөндөн кийин аялдын бир дагы жакын адамы калган эмес. Бул себептен улам ал болгон мүлкүн өзү пенсияга чыкканга чейин иштеген ооруканага мураска калтырууну чечкен.

Мурдагы кызматкери калтырган акчага ооруканада кийим сактоочу жай, ашкана жана жугуштуу ооруларды дарылоо үчүн өзүнчө кан куюучу бөлүк салынарын оорукананын жетекчилиги билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
baihan07kenjetaev
2018-08-13 11:51:30
Эң мыкты адам экен.
+3
Muslim1990
2018-08-13 13:21:16
Биздикилер өзү менен кошо ала кетет.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан