Мурдагы футбол жылдызы Роналдо ооруканага түштү

Футбол боюнча Бразилия командасынын курамында дүйнөнүн 2 жолку чемпиону аталган Роналдо Ибицада ооруканага түштү. Бул тууралуу "Football Italia" басылмасы жазып чыкты.

Маалыматка караганда, 41 жаштагы мурдагы футбол жылдызы 10-августта өзүн жаман сезип ооруканага түшкөн. Дарыгерлер Роналдону медициналык кароодон өткөрүп анын өпкөсүнө суук тийгенин айтышкан. Азыркы тапта ал менчик медициналык мекемелердин биринде дарыланууда.

Роналдо (Роналду Луис Назариу ди Лима) көптөгөн уюмдардын, адистердин жана спортчулардын ою боюнча дүйнөлүк футбол тарыхындагы эң мыкты оюнчулардын бири.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
uranis
2018-08-13 13:39:30
ден соолук каалайм бул да убагында футболго чон салым кошкон
+1
Kuyoo_bala
2018-08-14 13:21:47
Криштиану Роналду экоонун кимиси кучтуу?Кимиси жакшы ойнойт,кимиси кыйын?
0
Romantik.
2018-08-14 21:40:36
Kuyoo_bala, Дос Сантос Криштиану Роналду
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан