Бүгүн, 29-июнда Ошто “Ынтымак кербени” өтөт

Бүгүн, 29-июнда Ош шаарында “Ынтымак кербени” өтөт, иш-чаранын максаты - эл арасындагы ынтымакты бекемдөө, бейпил жашоо маанайын түзүү. Мындай иш-чара өлкөнүн түштүгүндөгү бардык аймактарда өткөрүлүүдө. Белгилей кетсек, 18-июнда Баткен облусунда тажик делегациясынын катышуусунда өткөн. Ошондой эле 26-28-июнь күндөрү Жалал-Абад облусунун Сузак, Базар-Коргон, Ноокен, Аксы жана Ала-Бука райондорунда өткөрүлдү. Иш-чара жогорку деңгээлде уюштурулуп, эл тарабынан колдоого ээ болуп жаткандыктан, долбоорду Талас, Ысык-Көл, Нарын, Чүй облустарында да улантуу тууралуу сунуштар айтылууда. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан