super.kg logo

Ата салты: Эмне себептен Кыргызда каза болгон жакынына кошок кошот? "Үчилик", "жетилик" түшүнүктөрү

 

Кыргызда каза болгон адамды акыркы сапарга татыктуу узатуу бул маркумга болгон акыркы сый-урмат катары эсептелет. Көз жумган адамды акыркы сапарга узатуу - анын балдарынын жана жакындарынын милдети. Маркум көз жумгандан тартып аны жерге бергенге чейин кыргыздардын алмустактан бери сактап, колдонуп келген өзүнүн ырым-жырымдары, салт-санаалары болгон.

Акыркы мезгилдерде сөөк коюудагы салттар болгон кошок кошуу, өкүрүп келүү, сөөктү 3 күн кармоо тууралуу коомчулукта эки кайчы пикир жаралып, туугандар арасында да ар кандай чыр-чатактар, пикир келишпестиктер чыгууда. Кыргызда өлүктү жайга коёрго чейин тестиер балдар таяк таянып боз үйдүн маркум жаткан тарабын карап туруп өкүргөн. Ал эми өлгөн адамдын кыз-кыркындары кошок кошкон.

Кыргыз философия илимдеринин докторлорунун жана Кыргыз салт таануучуларынын жазып, айткандарына таянсак, байыртадан эле кыргызда көз жумган адамдын денесин 3 күн кармашкан. Себеби адам көз жумгандан кийин анын жаны үч күн бою денесин айланчыктап жанында жүрөт. Ал эми жети күнгө чейин ошол жан дене жаткан мүрзөсүнүн жанында болот. Мына ошондуктан кыргыздар илгертен "үчилик", "жетилик" күндөрүн белгилешет. Дагы бир тарабы маркумдун алыста жашаган жакындары келип, аны менен коштошуп, топурак салып кетүүгө мүмкүнчүлүк түзүп берүү. Кээ бир маалыматтарга таянсак каза болгон адамдын жакындары анын жерге берилип жатканын өз көзү менен көрүп, топурак салмайын көксөөсү суубайт.

Ошондой эле кыргыздар өзүнүн каада-салтына кошокту бекеринен киргизген эмес. Кошок кошуп, өкүрүп ыйлап жаткан адам өзүнүн ичиндеги күйүтүн чыгарып алат. Мурда улуулар "жөн койгула, көкүрөгү сууганча ыйлап алсын, тыйсаңар ыза-муңу өзөгүнө түшүп кетип өмүр бою оорукчан болуп калат" деп айтышкан. Бул факт медицинада да такталган. Кошокто маркумдун жакшы жактары саналып, анын көзү тирүү кезинде кандай адам болгону сыпатталып берилет. Ал макталат, даңкталат, коштошуу сөздөрү кошулат. Муну менен тирүү адамдар анын ким болгонун, кандай жашап өткөнүнөн кабардар болушат.


кошулду


 
 Тектеш кабарлар 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(29)
15.08.2018. 19:44 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
123
Катталган:
23-06-2011
Соӊку аракети:
21-09-2018 07:20
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Москва
-7
Туура мен кошулам. А азыркы молдолор ыйлаган болбойт исламда дешип тим эле
15.08.2018. 23:48 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
272
Катталган:
23-12-2017
Соӊку аракети:
19-09-2018 16:25
Жынысы:
Белгисиз
-8
boris8907,
Кошок кыргызчылык салт. Жаманбы жакшыбы биз сыйлашыбыз керек. Бунунку биздин динчил сакалчандар кыргызга жакшылык кылышпайт. Молдолордун ан сезими арабташып кеткен жана араб каада салтын кыргыздын башына тануулап жатышат. Молдолордон жакшылык жок. Жаназа окуйбуз деп эле оздорун тын сезишет. Кыргыздар Тенирчи экенибизди унутпайлык. Эгер оз каада салтызбызда онуктуролук десек Тенирчиликти онуктуруу зарыл.
zhaku2017 түзөттү 2018-08-15 23:51:59
16.08.2018. 00:39 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
218
Катталган:
21-07-2011
Соӊку аракети:
21-09-2018 12:55
Жынысы:
Белгисиз
+7
zhaku2017, кудай сактасын тенирчи болуп кетуудон. Биз кыргыздар Манас атабыз баш болуп Ислам динин кабыл алып, 1000 жылдан ашуун убакыттан бери мусулман болуп жашап келебиз. Тенирчибиз дегендер тупку ата теги калмык же якут, чукча болсо керек. Ата тегинди бир суруштуруп ал. Таза кандуу кыргыз эмес окшойсун анда сен. Айтмакчы монголдор да тенирчиликке, шаманчылыкка жакын.
16.08.2018. 08:10 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
182
Катталган:
01-03-2018
Соӊку аракети:
21-09-2018 15:43
Жынысы:
Белгисиз
+4
zhaku2017 жепсин... өзүң тенирчи боло бер
Mamiev түзөттү 2018-08-16 08:13:10
16.08.2018. 14:28 
Тайпасы:
Конок
Комментарийлердин саны:
156
Катталган:
24-06-2018
Соӊку аракети:
20-09-2018 20:25
Жынысы:
Белгисиз
+3
orun, биринчиден, сен чала молдо дин бузар, динди гана чала билбестен, оз ата-бабандын тарыхын да билбейт экенсин...

Манас атабыз исламды кабыл алган деп айрым манасчылар бурмадап койгон, болбосо Манастын толтура варианты бар, басымдуу болугундо бул боюнча айтылбайт...

Ал убакта учурдагы Кыргызстан аймагында тслам дини кабыл адынган да эмес, ислам дини 10-кылымда кабыл алынган Караханиддер тарабынан...
16.08.2018. 14:30 
Тайпасы:
Конок
Комментарийлердин саны:
156
Катталган:
24-06-2018
Соӊку аракети:
20-09-2018 20:25
Жынысы:
Белгисиз
+2
orun, ал эми кыргыздар ислам динин кабыл алганына 3-4 кылым эле болду, 1000 жылдан ашуун эмес...

Эгер сенин ата-бабан 1000 жылдан ашуун мусулман болгон болсо, демек сен озбек, согдиан чалыш бир неме экенсин, кыргыздар арасында жашап калып кеткен. Бугун озун адашып кыргызмын деген...
16.08.2018. 15:44 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
218
Катталган:
21-07-2011
Соӊку аракети:
21-09-2018 12:55
Жынысы:
Белгисиз
+1
CEO1,ажаан катындай жаман урушупсун го))). Мейли сага тенелип, талашып бекер корогон убакыт.
16.08.2018. 10:08 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
15
Катталган:
31-08-2016
Соӊку аракети:
20-09-2018 20:04
Жынысы:
Белгисиз
-3
zhaku2017,Сенин жакынын отсо,молдо чакырып жаназа окубай эле,коко тенир деп асманга карап же от жагып алып,коко тенир деп кыйкырып эле алып барып койуп ал.Чубак ажыга эмнеге асыласын?
16.08.2018. 14:32 
Тайпасы:
Конок
Комментарийлердин саны:
156
Катталган:
24-06-2018
Соӊку аракети:
20-09-2018 20:25
Жынысы:
Белгисиз
+2
Miroslav, качантан бери Чубакка свйынып баштадынар?!! Ал да сага, мага окшогон пенде, анын ла куноосу коп. Анан жонокой пендеге асылба деп пендеге сыйынып баштаганынарга жол болсун?!! Же Куранда пендеге сыйынгыла деп айтылабы?!!
16.08.2018. 11:33 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
320
Катталган:
01-02-2017
Соӊку аракети:
21-09-2018 16:25
Жынысы:
Белгисиз
0
zhaku2017, жалпы элдин атынан сүйлөбө. Теңирчи болсоң өзүң бол
15.08.2018. 20:29 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
96
Катталган:
12-03-2017
Соӊку аракети:
20-09-2018 21:06
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Tahs-Kumyr-City
+11
Кыркы жылдыгы жана башка ысырапкорчулук нерселер бизге орустардан откон союз маалында болбосо ал ырымдар орустарда кайдан бар же уйронгонбу андай болушу мумкун эмес ыйлоо деле куйутунон ыйласа мейли а кошок бул ыр болуп жатпайбы аны обонуна тушуруш керек мындайча айтканда театр да ага да актердук чеберчилик керек
15.08.2018. 21:57 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
78
Катталган:
07-07-2012
Соӊку аракети:
21-09-2018 01:20
Жынысы:
Белгисиз
+5
Дуйно озгоро берсин, бирок биз кыргыздар озубуздун эзелтен Ата-бабаларыбыздан келе жаткан салтыбызды сакташыбыз керек. Болбосо биз кыргыз болбой киргиз болуп калабыз.
15.08.2018. 22:18 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
718
Катталган:
17-04-2013
Соӊку аракети:
21-09-2018 15:22
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Баткен
+6
Ыйласа да чын дилден ыйласа болот дечи. Бирок өзүң ыйлабай эле эл көзүнчө жасалма өкүргөндү туура көрбөйм. Элди эмес өзүңдү өзүң алдап жаткандай туюла берет. Каада-салтты унутпай колдонуу керек. Анда тууган-урук чоң кичинени сыйлоо, урматтоо деген түшүнүк мамиле жатат. Бирок азыр салт деп эле бири-биринен ашырып ысырапкорлукка жол берип жатат. Улуулардын алдында ыйбаа кылуу деген жоголду.
15.08.2018. 22:19 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
27
Катталган:
03-04-2017
Соӊку аракети:
20-09-2018 11:09
Жынысы:
Белгисиз
0
Ошондуктан реп кыргыздардан тараган деген кумон жаралатта бир жагы манас эпосу дегендей
16.08.2018. 00:05 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
104
Катталган:
03-02-2018
Соӊку аракети:
21-09-2018 14:52
Жынысы:
Белгисиз
-1
Кыргыздардын маданияты, искуствосу Тенирчилик заманда дуркуроп онугуп турган. Озбектер аркылуу жуккан ислам дини коптогон кыргыздын эн сонун салтын талкалап жок кылган. Кыргызчылыкта жаш кыздар эч убакта баштарын хиджабка ороп алышкан эмес. Тескерсинче чачтарын оруп, эркин кое беришкен. Ислам дини - кыргыздын маданий турмушун жок кылууга багытталган арабтардын саясаты. Кудайдын атын жамынган Чубакчылар сакалчандар илгери эле арабтардын саясатын кыргыздар арасында тымызын жургузуп келишкен. Бугун
erlan2196 түзөттү 2018-08-16 00:12:19
16.08.2018. 08:32 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
718
Катталган:
17-04-2013
Соӊку аракети:
21-09-2018 15:22
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Баткен
0
erlan2196, теңирчилик заманда маданияттын дүркүрөп өскөнүн кана далили? Ислам өзбектерден жуккан эмес, өзбектин 1000 жылдык тарыхы болсо ислам бизге андан мурда келген. Кыргыздын кызы азыркы батышты туурап кыска шорта менен көпүрөгүн көрсөтүп кийинген эмес. Арабдар да Ислам диниге чейин буддарга, кыргыздар тоо-ташка сыйынышкан. Белгилүү физик Исаак Ньютон Куранды окуп чыккан соң башын дайыма кыбыла жакка кылып жатчу экен.
16.08.2018. 14:37 
Тайпасы:
Конок
Комментарийлердин саны:
156
Катталган:
24-06-2018
Соӊку аракети:
20-09-2018 20:25
Жынысы:
Белгисиз
+3
Dalil, Исаак Ньютон боюнча жомокту ким ойлоп тапканы кызык. Эгер акылдуу бири болсон, андай жомок айтып баркынды кетирбе...

Эми, биз кыргыздар 1000 жылдан ашуун убакыттан бери мусулманбыз дейсин, далилдей аласынбы?!! 1000-1200 жыл илгери кыргыздар кайда болгон?!! Же ошол убакта Кыргызстанды жердеген караханид, согди ж.б.урпагы болосунбу, ошолорду кыргыз деп тушунуп журосунбу?!
16.08.2018. 14:39 
Тайпасы:
Конок
Комментарийлердин саны:
156
Катталган:
24-06-2018
Соӊку аракети:
20-09-2018 20:25
Жынысы:
Белгисиз
+3
Dalil, Сен айткан убакта кыргыздар Алтай, Энесайда болушкан. Кыргыздардын бир болугу кыйла кийин журт которуп келип Ала-Тоодо отурукташып калып, анан жергиликтуу жана коншу элдердин таасиринде исламды кабыл ала баштаган. Б.а. кыргыздар исламды мындан ашып барса 4-5 кылым илгери кабыл алып баштаган, сен айткандай 1000 жыл илгери эмес...

Барып лучше оз ата-бабандын тарыхын оку, бул жерде жомокчу болгуча...
16.08.2018. 00:22 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
104
Катталган:
03-02-2018
Соӊку аракети:
21-09-2018 14:52
Жынысы:
Белгисиз
-1
Бугун да ошондой арабтардын саясатын жургузуп жатышат. Кооз суйлошуп, жаштардын конулун сакалчандар оздоруно бурушуп, тегерегине фанаттарды топтоо менен алек. Жаштар кооз создорду ээрчип кете беришет. А бирок кооз создор ишке ашабы аны ойлонушпайт.
16.08.2018. 00:52 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
218
Катталган:
21-07-2011
Соӊку аракети:
21-09-2018 12:55
Жынысы:
Белгисиз
-3
Тенирчибиз дегендер ата тегинерди бир суруштуруп алгыла. Балким монгол, же якут, же болбосо чукча, же калмык болуп чыгаарсынар. Биз кыргыздар Манас атабыз баш болуп Ислам динин кабыл алып, тее атам замандан бери, тагыраагы 1000 жылдан ашуун убакыттан бери мусулман болуп жашап келебиз Аллахка шугур. Оо Аллах, кыргыз элимди тенирчи болуп алашып кетуудон Озун сакта!
16.08.2018. 08:47 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
8
Катталган:
26-09-2017
Соӊку аракети:
21-09-2018 13:55
Жынысы:
Белгисиз
+7
Чын чына келгенде кээбир салттарыбыз да ысырап корчулук коп мойунга алышыбыз керек олум болгондо тойдойдогудай эле же калпы Оз кишилердин эле козунон жаш чыкпаса кылганы жон эле артист..
16.08.2018. 09:04 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
156
Катталган:
10-09-2016
Соӊку аракети:
21-09-2018 10:40
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мусулман бир туугандарга теңирчилер менен тартышып, алардын деңгээлине түшпөгүлө дейт элем. Erlan2196, сен мусулмандар жөнүндө жазган комментарийлеринди окуп таң калчумун мусулман баласы кантип ушундай деп. Көрсө теңирчи экенсин да, иним. Сага да ыйман берсин Аллах таала. Башка эмне дейбиз?.. Дарегинди билгенимде биз жөнүндө жаман сүйлөбө деп "барып" коймокмун. Дагы бир Мирлан????87 деген байкебиз бар. Ал дагы биз жөнүндө туура эмес ойдо. Ыйман берсин баарызга.
16.08.2018. 10:14 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
81
Катталган:
09-03-2018
Соӊку аракети:
18-09-2018 22:18
Жынысы:
Белгисиз
0
Ислам дини эч убакта толерантуу болгон эмес, боло да албайт. Тескерсинче тенирчилерди каргап шилтеп ж.б диндегилерди жамандап отурушат. Кыргыздар тенирчилик салтыбыз менен жашап жатабыз. Ислам дини арабтардын саясий идеялогиясы жана ал кыргыздардын ан сезимин, ички дуйносун арабташтырууга багытталган. Эгер ички дуйнобуз исламдашып кетсе, кыргыздар арабтардын хиджабын ыйык тутуп, эркектер пакистан кийимине оронуп калабыз.
16.08.2018. 14:24 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1121
Катталган:
07-11-2016
Соӊку аракети:
21-09-2018 11:21
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
0
filis,оозуна .......
16.08.2018. 11:07 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
172
Катталган:
19-07-2013
Соӊку аракети:
20-09-2018 17:49
Жынысы:
Белгисиз
+3
Биз билип билбей эле эшек дурбосо кошо дурбой беребиз..Азыр ушундай денгээлдеги адамдар бар мен "Кудайга" ишенем десен, сен каапырсын "Аллага"ишениш керек деген. Кыргыздын Тенир деген созу арабдын Аллах деген созу менен бирдей мааниде колдонулат.Кээ бир таманы мокочолор 9-классты аран бутушуп алып сен каапырсын, сен тозокко киресин мен бейишке деп бул жакта эле аркы дуйнонун "Билетин" сатышат.Католиктер, християндар эмнеге онугуп жатышат, себеби диний коз карашы тол
KUMKA түзөттү 2018-08-16 11:13:32
16.08.2018. 13:11 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
184
Катталган:
30-10-2015
Соӊку аракети:
21-09-2018 13:44
Жынысы:
Белгисиз
+5
Биздикилер адам олуп атса той кылып жиберишет, жылкы союп. Жылкы сойбосо эл соз кылат деп. Аяшыбыздын 20 жаштагы иниси каза болуп батага бардык, эт кайнап, боорсок бышырылып атат. Эми энесинин жер чапчып боздогонун коруп бир уурттам чай кекиртектен отпой койду. Ошол кантип болсун эми, бул жакта адам сыздап атса кантип эт тамактан отот. Ошол эт куурсактан тушпой калабы?! Эгер озундун жакынын жаш эле отуп кетсе(карыныкы билинбейт) элдер жанталашып боорсогун талап этин талап атса кандай болосун...
16.08.2018. 13:44 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
718
Катталган:
17-04-2013
Соӊку аракети:
21-09-2018 15:22
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Баткен
+2
nargiz94, туптуура айтасын.
16.08.2018. 14:43 
Тайпасы:
Конок
Комментарийлердин саны:
156
Катталган:
24-06-2018
Соӊку аракети:
20-09-2018 20:25
Жынысы:
Белгисиз
+1
Dalil, мобу жерде адам тируу кезде неге кошок кошпойсунар деп тантырабагыла!!!

Ата-бабабыздан калган салтты урматтайлы, сыйлайлы, аны тенирчилик менен да, ислам менен да аралаштырбагыла... Бул биздин ата-бабаларыбыздан кылымдар карытып келе жаткан салттар. Бирок айрым ысырапкерчилик, айрым жасалмалуулукту жою керек...

Бирок кошрк кошсо болбойт, палан-тукун деген кебинер озунордо калсын.....
16.08.2018. 13:16 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
184
Катталган:
30-10-2015
Соӊку аракети:
21-09-2018 13:44
Жынысы:
Белгисиз
+1
Анан келип кийит-кечек, кошумчасын жанталашып жазып журушот. Кошок деп... ошол жакшы созунду тируу кезинде бир жолу айтпайбыз. Олгондон кийин не пайда, арбак кыйналат ысырап кылсан. Ошол жылкынды, элден келген кошумчанды, кийит кечегинди, ж.б таттуларды жетимге, карыларга таратып сообун ошол маркумга багыштап койсон ошол пайда го... фанат-санат, чубак анан тиги-бу дебей эле койгулачы!!!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
114449;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2018 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: