Жол кырсыгынан улам унаа өрттөнүп, жаш жигит каза тапты

28-июнда Ысык-Ата районунун Кант шаарында жол кырсыгы катталган. 2 унаанын кагылышуусунан улам 2 унаадан тең өрт чыккан. Маалыматка ылайык, милиция кызматкерлери жана өрт өчүрүүчүлөр унаанын биринен каза болгон жигиттин сөөгүн чыгарышкан. Каза болгон жүргүнчү 1987-жылы туулган жаран экендиги белгилүү болду. Ал эми берки унаанын жүргүнчүлөрү аман калышкан. Учурда кырсыктын келип чыгышын териштирүү иштери жүрүүдө.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
mahabat.
2013-06-29 15:05:26
жайы жанаттан болсун.жап жаш жигит экен
0
doni89
2013-06-30 04:02:14
Жаткан жери жайлуу болсун жаш кетиптирда я.
0
saltanat.
2013-06-30 14:29:09
Жаны жаннатта болсун.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан