Юридикалык илимдердин доктору Кайрат Осмоналиев: “Президенттин тапшырмасынан кийин сот тармагында өзгөрүүлөр болууда”

2010-жылдан бери ар бир президент негизги милдети катары сот реформасын ишке ашыруу керектигин айтып келет. Сооронбай Жээнбеков моюнунда бул милдет бар экенин эске салды.

SUPER.KG порталынын "Эмне үчүн ал реформа ишке ашпай жатат? Канткенде өлкөдө соттор көз карандысыздыкка жетип, адилеттүү иштей башташат?" деген соболуна Юридикалык илимдердин доктору Кайрат Осмоналиев жооп берди.

Ал сот реформасын ишке ашыруу үчүн адегенде сотторду тандоо кеңешинин ишине өзгөртүү киргизүү керек деген пикирде.

“Мен бул маселеге Италиянын практикасын мисалга тартат элем. Италиянын мурунку премьер-министри Сильвио Берлускони эки жолу соттолгон. Анткени ал жакта сот тандоо таптакыр башка. Тагыраагы сотторду тандоого адвокаттар, прокурорлор жана Италиядагы белгилүү окуу жайлардагы юридикалык илимдин докторлору, профессорлор катышат. А бизде андай эмес. 2010-жылы президент бир катар сот болууга талапкер болгондорго 2 деген баа койгон.

Президент Сооронбай Жээнбеков сот адилеттигин орнотуу жана реформалоону тездетүү боюнча тапшырма бергенден бери бир катар жакшы иштер жасалып жатат. Мыйзамды одоно бузган соттор кызматтан алынып жатат. Мына жакында эле судьяларга эскертүү же сөгүш берүү боюнча тартиптик комиссия Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын жүргүзүп иштеп келген Эльвира Жаркееваны кызматтан алуу боюнча сунуш бергенден кийин ал кызматынан алынды. Анткени ал бир топ мыйзам бузууларга жол бергени белгилүү болду.

Мындан сырткары көзү азиз активист Темирлан Ормуковдун иши боюнча Жогорку Соттогу судьяларга иш козголгону жана Манас Арабаевдин президенттик аппараттын сот реформасы жана мыйзамдуулук боюнча бөлүмүнүн башчысы кызматынан алынышын бул туура багыт катары карасак болот. Азыр сот тармагында жылыш бар”, - деди Осмоналиев.

Жогорку Кеңештин депутаттары Искендер Матраимов, Мирлан Жээнчороев, Исхак Масалиев, Жогорку Соттун мурдагы төрагасы Курманбек Осмонов, Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулова, юрист Шарабидин Токтосунов, жарандык активист Адил Турдукуловдун пикири төмөнкү шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан