ЭЛДИК КАБАР: "Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн имаратынын алдында флагшток бар, бирок желек жок" дейт окурман

"Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн имаратынын алдында флагшток бар, бирок желек жок", - дейт окурман "Элдик кабарга" жөнөткөн билдирүүсүндө.

Анын айтымында, флагшток облустук өкүлчүлүктүн имаратынын короосунда жайгашкан.

"Желекти алмаштырууга ашып кетсе 1 же 2 күн коромок. Ал эми бул жерде мен байкагандан бери эле 10 күндөн өттү, желек жок турат. Өкүлчүлүк өзү башка ишканаларга үлгү болушу керек", - деп жазган окурман билдирүүсүндө.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Aisle
2018-08-13 17:31:43
Желек бар элего алып коюшкан чыгаар РЕМОНТКОБУ ЖЕ БАШКАНЫ орнотобуз деп аткандыр.
0
Mydearzh
2018-08-13 17:35:44
Кундо турчу эле. Эмне балээ болуп кетти экен?)
0
Alixan-Nookat.2015
2018-08-13 19:29:51
Алмаштырабыз деп чечип коюп унутуп калган окшойт.
0
kalpak.kg92
2018-08-13 22:43:01
Alixan-Nookat.2015,Абиш Халмурзаев тапканын Кызыл-Кыяга ташып жатса..албаганы ушул калгандыр бирок унутуп койгонуна шегим бар
0
Nurizaumar
2018-08-14 13:03:50
10 кун эмес эки айдан бери жок. Эскиси кунго куйуп чирип жыртылып калган эле
0
Kgda
2018-08-15 00:15:33
Смартфон сеники.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан