2010-жылдан бери ар бир президент негизги милдети катары сот реформасын ишке ашыруу керектигин айтып келет. Сооронбай Жээнбеков моюнунда бул милдет бар экенин эске салды.
SUPER.KG порталынын "Эмне үчүн ал реформа ишке ашпай жатат? Канткенде өлкөдө соттор көз карандысыздыкка жетип, адилеттүү иштей башташат?" деген соболуна Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов жооп берди.
Ал ар бир адам өзүнүн ишке болгон мамилесин өзгөртүшү керек деген пикирде.
“Ар бир адам өзүнүн ишине болгон мамилесин өзгөртсө, ошондо көз карандысыз соттор болот. Бүгүнкү күндө сотко көз карандысыздык берилген. Алар өздөрү иштеши керек. Өздөрүнө жүктөлгөн милдеттерди так аткаруусу зарыл. Азыркы президент соттордун ишине аралашпай, көз карандысыз чечимдер кабыл алынып жатат. Бирок соттор жогору жакты карап көнүп калган окшойт”, - деди Матраимов.
Жогорку Кеңештин депутаттары Мирлан Жээнчороев, Исхак Масалиев, Жогорку Соттун мурдагы төрагасы Курманбек Осмонов, юрист Шарабидин Токтосунов, юридикалык илимдердин доктору Кайрат Осмоналиев, жарандык активист Адил Турдукуловдун пикири төмөнкү шилтемеде.