Кыргыз өлкөсүнүн футбол боюнча кыз-келиндер арасындагы жаштар курамасы Казакстан курамасы менен жолдоштук беттеш өткөрүп, ири эсепте жеңилип калды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын футбол федерациясы билдирди.
Маалыматка ылайык, аталган командалардын беттеши окуу-машыгуу жыйындарынын алкагында өттү. Беттеш Алматы шаарынын "Талгар" спорттук базасында орун алды. Беттештин жыйынтыгында 5:0 эсеби катталып, Казакстан курамасы жеңишке ээ болду. Кыргыз курамасынын дарбазасына 3 голду чабуулчу Арайлым Орынбасарова киргизсе, 2 жолу жарым коргоочу Асель Кубесова киргизген.
Талгар шаарында Кыргыз курамасы (U-19) 2019-жылы өтүүчү Азия чемпиондугуна даярданып жатса, Казакстан курамасы Европа чемпиондугуна даярданууда.