Түндүк жана Түштүк Кореянын лидерлери үчүнчү ирет жолугушат

Түндүк Корея менен Түштүк Кореянын башчылары үчүнчү ирет жолугушары белгилүү болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Алдын ала маалыматтар боюнча, жолугушуу Түндүк Кореянын борбору Пхеньян шаарында сентябрь айында болору күтүлүүдө. Буга утурлай Сеул шаарында эки өлкөнүн делегаттарына арналган диалог кеңсеси ачылган. Анын ичи буга чейинки жолугушууларды эске салган фотосүрөттөргө толгон. Өзгөчө эки өлкөнүн башчылары Мун Чже Ин менен Ким Чен Ындын кол алышып турган сүрөттөрүнө өзгөчө орун берилгени айтылат.

Ал эми август айынын аягында жарым кылым мурдагы Корей жарым аралындагы согуштун кесепетинен эки өлкөнүн аймагында калган туугандарды жолуктуруу иш-чарасы пландалууда.

Алдыдагы жолугушууга карата бир катар эл аралык эксперттер өз оюн билдирген. Алардын айрымдары буга чейинки эки тараптуу жолугушуулардын натыйжасында эки өлкөнүн спортчулары бир туунун алдына биригишкенин мисал келтирип, алдыдагы жолугушуу да биргелешкен максаттарга жетүүгө эшик ачарын айтышкан. Ал эми айрымдары болсо эки өлкө ортосундагы байланыш спорттук жана маданий достуктун чегинен ары ашпайт деген пикирлерин билдиришкен.

Буга чейин эки Кореянын лидерлери 27-апрелде жана 26-майда жолугушкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан