Экс-президент Аскар Акаевдин күйөө баласы Алматы шаарынан кармалды

Казакстандын Алматы шаарынан экс-президент Аскар Акаевдин күйөө баласы Адиль Тойгонбаев кармалды. Ал 28-июнда саат 14:00 чамасында Бостандык районунда колго түшкөн. Белгилүү болгондой, түшүнүк кат алынган соң ал бошотулган жана ал Казакстандын жараны болгондуктан аны Кыргызстанга экстрадициялоого мүмкүн болбогон. Эске салсак, 2005-жылдын 24-мартынан кийин КРын Ички иштер министрлиги тарабынан Адиль Тойгонбаевге издөө жарыяланган. Ал "алдамчылык", “ишенимден кыянаттык менен пайдалануу жолу менен бирөөнүн мүлкүн ээлеп алуу” жана башка беренелер боюнча айыпталууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан