Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов мэриянын аппарат башчылыгына Балбак Түлөбаевди сунуштады.
Түлөбаев SUPER.KG порталына билдиргендей, ал мэрдин сунушун кабыл алды. "Бүгүн, 14-августта түштөн кийин мэриянын аппарат башчысынын милдетин аткарууга буйрук чыгат. Жакында бул кызматка сынак болот. Сынакка катышабыз", - деди ал.
Ошондой эле Түлөбаев бул кызматка келгенде ишти эмнеден баштай турганын айтты.
"Мэр, вице-мэрлер менен чогулуш өткөрүп сүйлөштүк. Алгач мектептердин, бала бакчалардын жаңы окуу жылына карата даярдыгын карап чыгабыз. Андан соң оңдолуп бүтпөгөн жолдорду тез арада бүтүрүшүбүз керек. Социалдык долбоорлорду ишке ашыруу зарыл. Бул мэрдин талабы, жалпы командабыз менен ишке ашырабыз", - деди ал.
Түлөбаев 1972-жылы 21-сентябрда Ысык-Көл облусунун Тоң районуна караштуу Көл-Төр айылында туулган. Ал 1990-1992-жылдары К.Скрябин атындагы Кыргыз айыл чарба институтунун ветеринария факультетинде окуган. 1997-жылы Стамул университетинин токой чарба факультетин аяктаган. 2001-жылы К.Скрябин атындагы Кыргыз айыл чарба институтунун инженер-эколог адистигин бүтүргөн.
1996-1997-жылдары Стамбул шаарындагы “Корис интернейшнл” компаниясынын кызматкери;
1997-2000-жылдары өкмөткө караштуу токой чарба мамлекеттик агенттигинин директорунун жардамчысы;
2000-2004-жылдары Жогорку Кеңештин комитеттеринин биринде кеңешчи;
2004-2010-жылдары президенттин иш башкармалыгында кеңешчи, жардамчы, бөлүм башчысы;
2010-2013-жылдары гезиттердин биринде башкы редактор, саясий баяндамачы;
2013-жылдан бери “Аю холдинг” компаниясынын президентинин орун басары болуп эмгектенип келет.