28-июнда Жалал-Абад шаардык прокуратурасында укук коргоо, салык жана башка мамлекеттик, муниципалдык органдардын өкүлдөрүнүн катышуусунда коррупция менен күрөшүү боюнча координациялык кеңешме өттү. Жыйын учурунда “Паракорлукка каршы чара көрүү маселелери боюнча мамлекеттик жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын координациялык иш алып баруусу жөнүндө” жобо бекитилди. Ошондой эле жолугушууда укук коргоо органдарынын паракорлукка каршы күрөшүү боюнча 2013-жылдын бүгүнкү күнүнө чейинки аткарган иш-аракеттери тууралуу маалыматтар берилди. Катышуучулары тарабынан коррупцияга каршы мыйзамдарды күчөтүү тууралуу сунуштар айтылды.