ЖЫЛНААМА, 15-АВГУСТ: Испаниянын "Гава" клубунда ойноп жүргөн кыргыз футболчусу Эрбол Атабаев 17 жашка толду

Бүгүн Кыргыздан чыккан жаш футболчу Эрбол Атабаев 17 жашка толду. Ал 2001-жылы 15-августта Чүй облусунун Кант шаарында төрөлгөн. Кичинекей кезинен тарта футболго болгон шыгы артып, көпчүлүктүн көзүнө илине баштаган.

ҮЙ-БҮЛӨ

Эрбол катардагы эле үй-бүлөнүн кулуну. Үйдө 3 бир туугандын ортончусу. Агасы Алмаз жана Алиаскар аттуу иниси бар. Апасы Чолпон кесиби боюнча орус тили мугалими болсо, атасы Канат 20 жылдан ашуун МАИ кызматында иштеп, кийин пенсияга чыккан.

"АБДЫШ-АТА"

Эрбол достору менен
Эрбол баскан күндөн тарта футбол ойнойт. Кичинесинде агасынын тобун кошо талашып ойночу. 2007-2010-жылдары Канттагы "Абдыш-Ата" футболдук клубунда тарбияланган. 6га чыкканда Николай Рослов деген машыктыруучу алып, өзүнөн 3 жаш улуу балдар менен машыктыра баштаган. Анын майдандагы ордун таап, ачыла элек булактын көзүн ачкан ошол машыктыруучусу болгон. Орусияда өспүрүмдөр арасында өткөрүлгөн 4 ири мелдеште "Мыкты оюнчу" деп табылган.

"РУБИН"

2010-жылы Эрбол мадриддик "Реалга" чакырылбай калгандан кийин орусиялык "Рубиндин" мектебине барган. Талантын байлабайлы деген ата-энеси баарын таштап Орусияга барып, жарандык да алышкан. "Рубин" аларды 2 жылдай турак жай, жумуш орду менен камсыздаган. Эрболдун мыкты деңгээлде өсүп чыгышына "Рубин" клубу чоң түрткү берген.

"БАРСЕЛОНА"


2012-жылы Испаниянын "Барселона" футболдук клубунун академиясына кабыл алынган. 2014-жылы 2 жылдык окуусун ийгиликтүү аяктап, "Каталониянын" үчүнчү командасы болгон "Оспиталетке" кирген.

2013-жылдан тарта испаниялык "Гава" футболдук клубунда ойноп келүүдө.

ФУТБОЛЧУНУН КУМИРИ МЕССИ МЕНЕН ОКШОШТУКТАРЫ

1. Чач жасалгалары

2. Экөө тең 10-катар санында ойношот.

3. Бойлору кичинекей.

4. Экөөнүн тең ата-энелери уулу үчүн Испанияга барып жашайт.

5. Месси – чабуулчу. Эрбол ортодо оюн куруучу амплуада ойнойт.

6. "Барселонага" Месси 13 жашында, Эрбол 12ге толо электе барган.

7. Оюн стилдеринин окшоштуктары. Ошондон улам Месси "Жаңы Марадона", Эрбол "Кичинекей Месси" деген лакап атка ээ.

Эрболдун атасынын "Супер-Инфо" гезитине берген маегинен үзүндүлөр:

АТАСЫ КАНАТ АТАБАЕВ: "ЭРБОЛДУ ФУТБОЛ ӨНҮККӨН ЖЕРДЕ КӨРГҮМ КЕЛЕТ"

– "Уулумдун "Барселонага" баруу кыялы орундалды. Ыраазымын, биз Эрбол үчүн жөн жүрбөгөнүбүздү далилдей алдык. Уулум менен сыймыктанам".

– Барселона кандай шаар экен?

– "Барселона табияты боюнча Кыргызстанга окшош. Тоолорго, сууларга бай. Жергиликтүү эли футболго аябай жакын. Июнда клубдун экс-башкы машыктыруучусу Хосеп Гвардиоланын клуб менен коштошуу кечесин көрүү үчүн "Камп Ноу" стадионуна бардык. Хави, Иньеста, Месси баш болгон көп футболчулар келишти".

– Эрболдун мүнөзү кандай?
"Эрке мүнөзү кала элек. Көп сүйлөбөйт. Европалык болуп өсүп калбасын деп көбүрөөк чоң ата-чоң энелериникине каттатып жатабыз".

– Салт демекчи, ырым колдоносуздарбы?
"Көз мончок тагынып жүрөт. Кирине кирип, көп эмдеттим. Майданга чыгарда бата тилейт. Оюндан кийин терин кургатпай, таза чайканат".

– "Эрбол кайсы өлкөгө ойнойт?" дегендер көп. Сиздин жообуңуз...
"Эрболду футбол өнүккөн жерде көргүм келет. Бирок азыр аны ойлончу убакыт эмес".

Эрбол Атабаев өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына видео жүктөгөн. Анда футболчу иниси менен топ алмашып машыгуу өткөрүп жатканын көрүүгө болот. Видеого "Бир тууганымды сүйүүгө эч ким тоскоолдук кыла албайт!" ("Nadie puede impedir que ame a mi hermano!") деген билдирүүсүн испан тилинде калтырган.

15-августтун жылнаамасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан