Бишкек мэриясынын аппараты: "Биз эч кимди кызматтан мажбурлап кетирген жокпуз. Вице-мэр Исаков өз каалоосу менен кетти"

Бишкек шаарынын вице-мэри Эркинбек Исаков өз каалоосу менен кызматтан кетти. Бул тууралуу бүгүн, 14-августта SUPER.KG порталына мэриянын аппарат башчысынын милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев билдирди.

"Башка кадрдык өзгөрүүлөр болбойт. Ким иштегиси келбесе өздөрү келип, арыз жазып кетип жатышат. Биз эч кимди кызматтан мажбурлап кетирген жокпуз", - деди Түлөбаев.

Ошондой эле ал аталган кызматка "Тазалык" ишканасынын директору Рыспек Сарпашев келе турганын айтты.

8-августта Азиз Суракматов Бишкек шаарынын мэри болуп шайланган. Добуш берүүдө 43 депутат "макул", 1 депутат каршы добуш берген.

Бүгүн өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев Бишкектин жаңы мэри Азиз Суракматовду мэриянын жамаатына тааныштырды.

Мэриянын аппарат башчысынын милдетин Балбак Түлөбаев аткара турган болду. Ал эми биринчи вице-мэрдин милдетин Алмаз Бакетаев аткарат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан