Кыргызстандын Эсептөө палатасынын делегациясы Орусияга иш сапары менен барып, аталган өлкөнүн Эсептөө палатасынын төрагасы Сергей Степашин менен жолугушту. Анда Кыргызстандын Эсеп палатасынын иш алып баруусуна жүргүзүлгөн функционалдык текшерүүнүн жыйынтыгы угузулду. Тараптар КРнын Эсептөө палатасынын иш алып баруусун иш-чарага катышкан Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Болот Жунусов менен бирге талкуулашты. Коллегия учурунда Борбор Азия боюнча Кыргызстандын Эсептөө палатасы эң жакшы иш алып барары белгиленди. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар 2014-жылы эки өлкө аймагында ишмердүүлүгүн өркүндөтүп жаткан бир катар отун-энергетика ишканалардын үстүнөн биргелешкен текшерүү жүргүзүүгө макулдашты.