Жалал-Абад шаарындагы базардан өрт чыгып, 14 соода павильону күйүп кетти

29-июнь күнү Жалал-Абад шаарынын Ленин көчөсүндө жайгашкан борбордук базардан өрт чыгып, бир нече соода орундары күйүп кетти. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз катчысы Абдишарип Бекилов SUPER.KG порталына билдирди. Келип түшкөн маалыматтан улам, ӨКМнын Жалал-Абад шаардык Өрткө каршы бөлүмүнүн кызматкерлери кырсык орун алган жерге барышып, 3 сааттан ашык убакытта өрт өчүрүлгөн. Тилсиз жоо базардын 500 чарчы метр аянтын каптаган. Алдын ала алынган маалыматтарга ылайык, өрттөн 14 соода павильон күйүп кетти жана келтирилген чыгымдар такталууда. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
kosmomir
2013-06-30 21:16:59
тобооо,заманыбыз эмне эле болуп жатат!
0
aibi8984
2013-07-01 00:03:20
заман эмес адамдарыбыз,пейлибизге жараша болуп жатат замандагы...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан