Жалал-Абад облусунун Майлы-Суу шаарында сел жүрдү

29-июнь күнү Жалал-Абад облусунун Майлы-Суу шаарында катуу жааган жамгырдан улам сел жүрдү. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди. Суунун күчтүү агымы бир канча үйдү каптап кеткен. Кырсык болгон жерге куткаруучулар, милиция кызматкерлери жана жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү барышкан. Тилсиз жоодон улам адам өмүрүнө зыян келтирилген учур катталган жок. Учурда табият кырсыгы алып келген чыгымдын суммасы такталууда. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Nursaikal
2013-06-30 19:04:35
эх майлуу-суу майлуу-суум
0
doni89
2013-06-30 20:39:09
Адамдардын уйлорун алып кеткен болсо жаман болуптур кырсык айтыр бай келет дейтго бирок мамлекет жардам берсе жакшы болот ошол уйун алып кеткен жашоочуларга.
+1
Azimyt85
2013-07-01 09:09:39
Менин туулуп оскон шаарым Майлуу-Суу
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан