Депутат Алмазбек Баатырбеков Өзбекстан менен жер тилкесин алмаштыруу боюнча: "Такталбаган маалымат менен дүрбөлөң сала бербешибиз керек"

Чет өлкөлүк "Интерфакс" жана "Фергана" агенттиктери Барак анклавын Кыргыз мамлекети Өзбекстанга берип, ордуна Кара-Суудан жер алат, ошондой жол аркылуу көп жылдан бери келе жаткан бул маселени чечет деп жазып чыгышты. Ошого байланыштуу SUPER.KG порталынын "Жер алмашуу менен чек ара маселесин чечүү туурабы?" деген соболуна Жогорку Кеңештин депутаты Алмазбек Баатырбеков жооп берди.

Баатырбековдун айтымында, бул маселе боюнча расмий такталганга чейин ызы-чуу салбай туруу керек.

"Бул маселе эки өлкөнүн ортосунда сүйлөшүү жолу менен гана чечилет. Эгер алмаштыруу ыкмасы тандалса, бул боюнча атайын комиссия түзүлүп, иш алып баруу менен чечилиши керек. Мындай ыкма дүйнөлүк практикада да болгон. Ал үчүн эки өлкө тең жер алмаштырууга макулдугун бериши зарыл. Бул үчүн бир топ жараяндар бар. Бирок азырынча такталбаган булактарга таянып эле дүрбөлөң сала бербешибиз керек. Бул кадамыбыз ушул багытта иш алып барып жаткандарга терс таасирин тийгизет", - деди Баатырбеков.

Жогорку Кеңештин депутаты Абдывахап Нурбаев, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Улукбек Кочкоров, Кыргызстан элдеринин ассамблеясынын кеңешинин төрагасы Токон Мамытов, мурдагы коргоо министри Исмаил Исаков, саясат таануучу Алмазбек Акматалиевдин пикири бул шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан