Ош облусунун Алай районундагы Көл-Чаты айылынын тургундары бүгүн, 15-августта селден кийинки баткакты тазалоо менен убара. Бул тууралуу жергиликтүү жашоочу "Элдик кабарга" маалымдады.
Маалыматка караганда, сел кечээ, 14-августта түн ичинде жүргөн.
"Селден кийин жолдор жабылып калды. Үйлөрдүн короолору да бүт баткак болуп жатат. Бүгүн кечке чейин негизги жолдун бир унаа өтө турган бөлүгү ачылды", - деп жазды окурман өзүнүн билдирүүсүндө.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.