Көлөмү боюнча Кумтөр алтын кенинен кийинки орунда турган Жер-Үй алтын кени Советтер Союзу учурунда изилденгени менен, 26 жылдан бери кенди казуу иштери аткарылбай келген. Анын бирден-бир себеби кенди казууга кызыкдар болгон инвесторлор бир нече жолу алмашып, кен казуу ар кайсы компаниянын колуна өткөнү себеп болгон. Ал эми жергиликтүү эл “Жер-Үй кени ачылбасын, Талас элинин экологиялык жактан ууланышына жол берилбесин” деп алтын кендин иштетилишине көп жылдан бери каршы чыгып келишкени белгилүү.
Ошого карабай Жер-Үй алтын кени мамлекет тарабынан бир нече жолу сатыкка коюлуп, 2015-жылы аукциондун негизинде орусиялык “Восток-геолдобыча” компаниясына 100 миллион долларга сатылган. Учурда аталган компаниянын алдында түзүлгөн "Альянс-Алтын" ишканасы кенди казуу үчүн жол салып, инфраструктуралык курулуш иштерин жүргүзүп келет.
Өкмөт өз кезегинде дал ушул Жер-Үй сыяктуу ири алтын кендерин иштетүү менен, аймактардын бюджетине акча түшүп, өлкөнүн өнүгүүсүнө шарт түзүлөрүн айтып келүүдө.
Ал эми көз карандысыз экологдор менен алтын кен жайгашкан Бекмолдо айыл аймагынын айрым тургундары алтын өндүрүүчү ишкананын айылга жакын курулуп калганына нааразы экенин билдирип келишет. Алардын пикиринде ишкана жакын курулса ал экологиялык жактан жашоочулар үчүн гана коркунучтуу болбостон алар өндүргөн айыл чарба продукцияларына, мал-жандыктарга да терс таасирин тийгизиши мүмкүн.
Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу комитети калдык сактоочу жай айылдан обочо аймакта курулуп жатканын маалымдады.
“Алтын өндүрүүчү ишкананы куруу иштери бардык эрежелердин негизинде жүргүзүлүүдө. Долбоор боюнча калдык сактоочу жай Кара-Ой айылынан 2400 метр аралыкта жайгашкан. Дагы кошумча санитардык зона деп 500 метр каралган. Ал эми Сасык-Булак айылынан ишканага чейинки аралык 4 чакырымды түзөт. Курулуш иштери башталганга чейин коомдук угуу өткөрүлгөн”, - дешти комитеттен.
Аталган айылдын тургуну Улукбек Нусубалиев алтын кенди сатуудан мурун элге жеткиликтүү коомдук угуу, түшүндүрүү иштери жасалбаганын айтты.
“Алтын өндүрүүчү завод бөксө тоонун үстүндө Айлампа деген жерге курулуп жатат. Анын жанында Кургак-Сай деген жер бар. Ошол тоонун берки тарабында тоонун түбүнөн булак чыгат. Тоонун түбүндөгү Кара-Ой айылы ошол булактан суу ичет. Ошон үчүн эл көз карандысыз экспертиза түзүлүп, кен казуунун зыяндуулугу акыйкаттуу изилденсин деген талап коюп келишет. Азыр алтын казуу иштери баштала элек маалда кен жайгашкан аймакка жакын жердеги сууларды лабораторияга алып барып, анын курамынын учурдагы абалын текшертип коюу керек. Кийин кен казуу жүрүп жатканда экология бузулуп жатат деген ызы-чуу чыкса, салыштырып көргөнгө да жакшы”, - деди жергиликтүү тургун.
“Альянс Алтын” компаниясынын коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн башчысы Данияр Жаныкулов алтын өндүрүү ишканасынын орду жана калдык сактоочу жай тиешелүү экспертиза тарабынан текшерилгенин айтып, жергиликтүү элге эч кандай зыян алып келбей турганын билдирди.
“Калдык сактоочу жай менен Кара-Ой айылына чейинки аралык 2 чакырым 300 метрди түзөт. Мындан сырткары 500 метр жер санитардык гигиеналык зона деп коёт. Ал жерге эч нерсе өспөйт, эч ким кирбейт, чыкпайт. Сасык-Булак айылына чейин 4 чакырым 400 метр. Фабриканын курулушу жүргүзүлүп жаткан жер мамлекеттик экспертизадан, экотехинспекциялык экспертизадан, курулуш агенттигинин экспертизасынан өткөн.
Мамлекеттик экспертизадан уруксат кагаз болмоюнча ал жерге биз эч нерсе курууга акыбыз жок. Мындан сырткары Бекмолдо айыл өкмөтүндө, Талас районунда долбоор элге тааныштырылып, коомдук угуулар өткөрүлгөн. Калдыктар сакталуучу жайдын орду Советтер Союзу учурунда окумуштуулар тарабынан изилденип бекитилген. Ал жердин аты Кургак-Сай деп коёт. Биз дагы ошол жерди тандадык. Ал жердин алдына 60 метрден 100 метрге чейин бургулоо иштери жүргүзүлүп жердин алдында суу жок экени аныкталган. Ошондой эле Кызыл китепке кирген жаныбарлар жана өсүмдүктөр да изилденген. Островский деген жоогазын гүлү бар экен, 6 миң 500 түп гүл коопсуз жайга көчүрүлгөн. Ал эми жайыт маселесиндеги иштерди биз чечпейбиз. Менчик компания болгонубуз үчүн аны чечүүгө укугубуз жок. Аны жергиликтүү өзүн өзү башкаруу бийлиги же өкмөт чечет”, - деди Жаныкулов.
Эколог Калия Молдогазиева алтын иштетүүчү фабриканын объекттерин курууда бардык талаптар жана эрежелер так сакталышы керектигин айтты.
"Бардык кен казуу иши айлана-чөйрөгө, элдин ден соолугуна зыяны тийбей койбойт. Кен казган аймакты изилдөө үчүн мамлекеттик эксперттерден сырткары көз карандысыз эксперттердин да корутундусу болсо абдан жакшы. Санитардык зона деген эреже бар. Ал эрежеге ылайык, калдык сактоочу жай эл жашаган аймактан алыс, коопсуз жайда болуусу керек. Анын өзүнүн стандарттары бар. Казылып жаткан кендин канчалык деңгээлде зыяндуулугуна да байланыштуу калдык сактоочу жайдын кайсы аралыкта жайгашары каралган. Мен ал жерге мурун да көз карандысыз эксперт катары баргам. Мурунку долбоор боюнча алтын өндүрүү ишкана курула турган жай чынында жакын болчу. Кийин өзгөрүптүр”, - деди эколог Молдогазиева.
Бекмолдо айыл өкмөтүнүн башчысы Кубанычбек Молдобеков болсо кен казуу ишине эл тарабынан эч кандай нааразычылыктар жок экенине токтолду.
“Чынында курулуп жаткан алтын өндүрүү ишканасы айылга жакын, анын канча аралыкта экенин так айта албайм. Алар эксперттердин уруксаты менен айыл тургундарына зыяны тийбейт деген токтомдун негизинде курушууда. Ал эми элдин жайыт маселеси чечилип жатат. Эл тарабынан эч кандай нааразычылыктар жок. Башында бир аз нааразы болгондор чыккан. Алар сүйлөшүүлөрдөн, коомдук угуудан кийин түшүнүү менен кабыл алышты. Мындан сырткары айыл тургундары алтын кен боюнча жүрүп жаткан иштерге тартылып, бир топ жумушчу орундары түзүлгөн. Азыр биздин айылдын тургундарын жумушка алуу маселеси да каралган”, - деди айыл өкмөт башчысы.
Талас районунун Бекмолдо айыл аймагында жайгашкан Жер-Үй алтын кенинде геологиялык алдын ала иликтөөлөр боюнча 80 тоннага жакын алтын, 10 тоннадан ашуун күмүш бар экени айтылып келет.