Бүгүнкү күнгө карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 13 миллиард 698 миллион метр кубду түздү

1-июлга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 13 миллиард 698 миллион метр кубду түздү. Бул тууралуу “Электр станциялары” ишканасынын басма сөз кызматы билдирди. Учурда аталган суу сактагычка суунун агып кириши секундуна 1122 метр кубду түзсө, суунун агып чыгышы 162 метр кубга жетүүдө. Маалыматка ылайык, 2012-жылдын 1-июлуна карата суунун көлөмү 16 миллиард 288 миллион метр кубду түзгөн. Суу сактагычка суунун агып кириши секундуна 816 метр кубду түзсө, агып чыгышы 365 метр кубду түзгөн болчу. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан