Сулуулук дүйнөсү дайыма жаңы косметикалык каражаттар менен толукталып келет. Ошол айымдардын негизги куралы болгон боёнуучу каражаттардын аталышы дүйнөгө белгилүү, атагы чыккан инсандардын ысымынан коюлган. Эмесе косметикалык каражаттарды чыгарган инсандарды таасирленткен атактууларды тизмектеп көрөлү.
Британиялык визажист, "Charlotte Tilbury Beauty Ltd" косметикалык маркасынын негиздөөчүсү, жетекчиси Шарлотта Тилбери өзүнүн коллекциясындагы ооз боёгучтарына дайыма кардарларынын атын ыйгарып келет. Мисалы, ал модель Ким Кардашьян, британиялык модель Кейт Мосс, испаниялык актриса жана модель Пенелопа Крус өңдүү жылдыздарды сулуулап келет. Мындан улам аты аталган атактуулардын ысымын алып жүргөн ооз боёгучтар бар. Шарлотта Тилберинин ооз боёгучтарын дүйнөгө белгилүү италиялык дизайнер Виктория Бекхэмдин атынан коюлган бьюти каражаты толуктайт. Ооз боёгуч Виктория Бекхэм колдонуп көргөндөн кийин анын ысымынан аталып калган.
Америкалык ырчы Кэти Перри косметикалык каражаттардын ичинен белгилүү "Cover Girl" брендин мыкты деп тандаган. Анын бул брендди тандоосу Кэти аталышындагы кирпик боёгучту (тушь) чыгарууга себепкер болгон.
Ал эми америкалык актрисалар, эгиздер Мери-Кейт жана Эшли Олсен 2017-жылы жыпар жыттар коллекциясын чыгарган. Алар бул жыпар жытты бир тууган сиңдиси Элизабеттин атынан атаган. Буга чейин Мэри-Кейт жана Эшли Олсен кийимдер коллекциясын чыгарып, мода дүйнөсүндө аты аталып келген.
Голливуд жылдызы Ким Кардашьян дагы бардык тармактан аты аталышы жагынан куру эмес. Тагыраагы, оозду жалтыратуучу каражат менен хайлайтер өзүнүн атынан аталып, сатыкка чыккан.
Белгилүүлөрдүн атынан аталып, сатыкка чыгып жаткан косметикалык каражаттардын арасында мырзалар дагы бар. Ал канадалык рэпер, музыкант, ишкер Дрейк. Кызыгы анын ысымы "TOM FORD" бренди чыгарган "Boys & Girls" ооз боёгучуна ыйгарылган.