Ош облусунда тийиштүү кызматтын өкүлдөрү тарабынан ири өлчөмдөгү баңгизат кармалганын Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти. 30-июнда Алай районунун Сары-Могол айылында Ош жана Жалал-Абад облустары боюнча чек ара башкармалыгынын өкүлдөрү менен Баңгизатын көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматынын ыкчам иликтөө тобу менен биргеликте рейд жүргүзгөн. Иш-чара учурунда аталган айылдагы суу арыктарынын биринин жанынан эки мүшөк табылып, анын ичинде 60 баштыктагы гашиш болгон. Салмагы 57 килограмм 400 грамм. Маалыматтар боюнча, бул баңгизат Тажикстандын Тоолуу Бадахшан автономиялуу облусунун Р.Т. аттуу тургунуна таандык болгон. Факты боюнча кылмыш иши козголду.