Кыргыз-Казак өкмөттөр аралык жыйыны өтөт. Анда эки өлкөнүн кызматташуусу тууралуу маселе каралат

16-17-августта премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Астана шаарында өтө турган Кыргыз-Казак өкмөттөр аралык жыйынына катышат. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жыйында эки өлкөнүн ортосундагы кызматташууну мындан ары тереңдетүүнүн актуалдуу маселелери каралат. Иш-чаранын жыйынтыгы боюнча протоколго жана бир катар эки жактуу келишимдерге кол коюу күтүлүүдө.

Мындан тышкары Мухаммедкалый Абылгазиевдин Казакстандын премьер-министри Бахытжан Сагинтаев менен жолугушуусу пландаштырылган.

Ошону менен бирге өкмөт башчы Бакытжан Сагинтаев менен биргеликте Астана шаарынын көчөлөрүнүн бирине Чыңгыз Айтматовдун ысымын ыйгаруу салтанатына катышат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан