"Дордой" базарында "Бакай Банктын" жаңы сактык кассасы ачылды

”Дордой” базарында 14-августта “Бакай Банктын” №49-жаңы сактык кассасы ишин баштады. Компаниянын кардарларды тейлөө башкармалыгынын башчысы Мээрим Жекшенованын айтымында, дагы бир сактык кассасын ачуу маселеси мурда эле бышып жетилген.

“Дордой" – көптөгөн адамдар эмгектенген базарлардын бири. Базардын түштүк бөлүгүндө бир нече жыл мурда эле биздин №30-сактык кассабыз иштеп келген, бирок биз көптөгөн дүң соода катарлары жайгашкан базардын түндүк бөлүгүнө да дагы бир кеңсебизди ачууну чечтик. Бизге кызматыбызды кеңейтүү сунушу менен кардарларыбыз кайрылышты. Биз алардын убактыларын баалап, кардарларыбызга шарт түзүү максатында экинчи сактык кассасын ачуу чечимин кабыл алдык”, - деди Жекшенова.

Анын айтымында, жаңы кеңсе кардарларды ыңгайлуу тейлөө боюнча бардык заманбап талаптарга жооп берет. Ал жерде кызыктыруучу бардык суроолор менен кайрылгандарга чын жүрөктөн жооп берүүчү тажрыйбалуу банк кызматкерлери иштешет.

Ошондой эле жаңы ачылган №49-сактык кассасы жеке жарандарды тейлөөдөн сырткары бардык банктык кызматтарды аткарат. Булар акча которуу, эсеп ачуу, SWIFT- төлөмдөрү жана насыя берүү. Кардарларга ыңгайлуу шарт түзүү максатында сактык кассасы ишемби күнү да иш алып барат.

“Учурда "Дордой" базарында каржылоого муктаж болгон диний ишенимдеги көптөгөн адамдар бар. Алар үчүн биз Ислам банкынын принциптери боюнча кызмат көрсөткөн жаңы сактык кассасын ачууну пландап жатабыз”, - деп белгиледи Жекшенова.

Эгер “Бакай Банк” ААКсынын №49-сактык кассасынын кызматын пайдаланууну кааласаңыз, сизге биздин иштөө графигибизди, дарегибиз менен телефон немерибизди сунуштайбыз.

Дарегибиз: Кожевенная көчөсү, түндүк унаа токтотуучу жайы, контейнер №4-197, №3-142/2З-К “Дордой-Чымкент”.

Иштөө убактысы: жумуш күндөрү 08:00дөн 15:30га чейин, ишемби күнү 08:00дөн 15:30га чейин.
Телефон: 90-13-81 (ички код 549).

“Бакай Банктын” потенциалы жыл сайын өсүүдө. Быйыл компания 20 жашка толуп, республиканын каржы базарындагы туруктуулуктун жана ишенимдүүлүктүн кепилдиги болду. Кыргызстанда 20 жыл банк чөйрөсүндө иштөө тажрыйбанын, жоопкерчиликтүү мамиленин, жогорку квалификациядагы башкаруучулуктун белгиси. Ушул мөөнөт ичинде “Бакай Банк” калыптануу жана өнүгүү этабынан өтүп, ырааттуу түрдө өзүнүн жогорку статусуна ээ болуп, ошол эле учурда аймактык катышын кеңейтти.

“Бакай Банк” ААКсынын мындан башка республика аймагында жайгашкан сактык кассаларынын иштөө тартиби менен биздин сайттан таанышсаңыз болот.

"Бакай Банк" ААКсы - 20 жылдан ашык мезгилден бери Кыргыз мамлекетинин жашоочуларына финансылык кызматтын кеңири түрүн көрсөтүп келе жатат. Азыркы учурда өлкөнүн бардык аймактарында банктын 70 филиалы жана сактык кассалары бардык кардарларга бат жана ыңгайлуу тейлөөлөрдү жүргүзүп келет.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан