Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов куткаруучуларды кесиптик майрамы менен куттуктады

Бүгүн, 1-июль Кыргызстанда Куткаруучулардын кесиптик майрамы. Буга байланыштуу өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов куткаруучуларды кесиптик майрамы менен куттуктап, алардын иштерине ийгилик каалады. Куттуктоонун мазмуну төмөндөгүдөй:

Урматтуу куткаруучулар! Ардактуу кесиптештер! 

Сиздерди бүгүнкү Куткаруучулар күнү менен чын дилимден куттуктаймын! 22 жылдык тарыхы бар Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги ушул жылдар аралыгында жүз миңдеген адамдардын өмүрүн куткарып, жарандарыбызга жана мамлекетибизге миллиарддаган сомго барабар болгон материалдык баалуулуктарды сактап калды. Өрттөн, суудан, абадан, тоодон, таштан, кардан жана техногендик мүнөздөгү кырсыктардын бардык түрлөрүнөн адамдарды жана материалдык баалуулуктарды сактап, куткарып калууда бизге жүктөлгөн калкты жана аймактарды коргоо иштерин мыкты аткарып жатасыздар деп бүгүн сыймыктануу менен ачык айта аламын!

 

Сиздер аркалап келе жаткан кесип бардык кесиптерден түйшүктүү, оор, татаал, бирок ошончолук сыймыктуу экендигин эч ким талаша албайт. Биз калкыбыздын жашоосундагы, өмүрүндөгү бардык кыйын шарттарында жанында болобуз. Биз элибиздин алкышын да алып, мамлекетибиздин ишеничин да актап, ошол эле мезгилде Алланын адында да чоң сооп иш жасап жатабыз. Биздин кесибибиздин өзгөчөлүгү ушунда. Бүгүн, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 22 жылда жасаган жумушун эмес, куткаруучуларыбыздын бир күндө жасаган жумушун жеткиликтүү кылып айтканга да убакыт жетпейт. Өз өмүрүн тобокелчиликке салып, башка бир эле адамдын өмүрүн сактап калууну даңазалоо үчүн бир күн аздык кылат деп ойлоймун. Андыктан Сиздер аткарып жаткан иштин түйшүгү менен сыймыгын башка бирөө үчүн өз өмүрүн тобокелчиликке салган адам гана түшүнөт. 

 

Урматтуу куткаруучулар!

Биздин алдыбызда мамлекет тарабынан калкты жана аймактарды табигый жана техногендик кырсыктардан сактоодо жана куткарууда чоң милдеттер турат. Коом жаңыланып, илим менен техника өнүккөн сайын, биз да андан артта калбоого тийишпиз! Буйруса, жакынкы мезгилдерде министрликте чоң реформалар жүргүзүлүп, өрт-куткаруу кызматтарын түзүп бүтөбүз жана жарандарыбыздын түйшүктөрүн жеңилдетүү үчүн бирдиктүү “112” кызматын ишке киргизебиз.  

Ошондой эле кырсыктардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу багытында пайдалануу үчүн оор техникаларды сатып алууга мамлекет тарабынан каржы маселеси каралып, тендер жарыяланды. Бул техникаларды сатып алуу менен биздин ишибиздин кыйынчылыктары азайып, кырсыктардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу иштеринде жумушубуздун сапаты жогорулап, аткарылуучу убакытты кыскартарында шек жок.

 

Урматтуу кесиптештер!

Сиздерди жана Сиздер аркылуу үй-бүлөңүздөрдү бүгүнкү майрамыңыздар менен кызуу куттуктап, өзүңүздөргө бекем ден соолук, үй-бүлөңүздөргө бакыт-таалай, кут-береке, ишиңиздерге ийгиликтерди каалаймын! Дайыма эл алдында жүзүбүз жарык, ишибиз илгери болсун! Бар бололу, бир бололу, урматуу куткаруучулар!

 

Дагы бир жолу майрамыңыздар менен куттуктаймын!”

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан