Кыргыз шахматчысы Селим Атамбаев Бириккен Араб Эмираттарында өткөн эл аралык мелдеште алтын медаль тагынды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Кыргыз Республикасынын шахмат федерациясынан билдиришти.
Аталган мелдеш 8-14-август аралыгында БАЭнин Абу-Даби шаарында орун алды. Ага Кыргыз өлкөсүнөн 9 жаштагы Селим Атамбаев катышкан. Ал 10 жашка чейинки спортчулар арасындагы мелдеште күч сынашып, 9 оюндун жүрүшүндө 5 жолу жеңишке жетип, 2 жолу атаандашы менен тең чыккан. Муну менен Селим Атамбаев 6 упайга ээ болуп, алтын медалга жана 500 доллар акчалай сыйлыкка ээ болгон.
Федерациядан билдиришкендей, Селим Атамбаев мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин небереси. Ал мурдагы өлкө башчынын биринчи никесиндеги аялы экөөнүн ортосундагы Сейтек аттуу уулунун баласы.
Селим Атамбаевдин беттештеринин жыйынтыгы:
1-тур: Селим Атамбаев - Алихан Хажатулы (Казакстан) - 0:1
2-тур: Селим Атамбаев - Жинеш Сурав (Индия) - 1:0
3-тур: Селим Атамбаев - Хамид Бадер (БАЭ) - 1:0
4-тур: Селим Атамбаев - Хас Депак (Индия) - 0,5 - 0,5
5-тур: Селим Атамбаев - Ария Вияс (Индия) 0,5 - 0,5
6-тур: Селим Атамбаев - Ахмед Ибрагим (БАЭ) - 1:0;
7-тур: Селим Атамбаев - Рашид Шаяри (БАЭ) 0:1;
8-тур: Селим Атамбаев - Мадил Хамзин (Казакстан) - 1:0;
9-тур: Селим Атамбаев - Али Аль-Мансури (БАЭ) - 1:0